Малика Дина Жолугабыз аз күндө

Жүктөлгөн: 09-09-2014
04:19
54.46 Мб
Жанр: Поп
Малика Дина "Жолугабыз аз күндө"
Сөзү : А.Айталиевдики
Обону : К.Жакшылыковдуку
Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.

Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.

Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуумдун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
Комментарийлер (97)
elmaramahamat
2014-09-17 05:55:52
Голос приятный. Мне нравиться.
0
Aipri
2014-09-17 08:50:23
Чынында Малика ырды мыкты аткарган. Клип болсо, кадимки эле.
0
NADUW
2014-09-17 13:17:42
Ырдын текстине клип дал келбейт. Ыр сонун, клип начар. Малика озундун бетин Чон, тегерек, эмне кыласын ещё озунду да чонойтуп. Жарашпайт.
+1
Zari2013
2014-09-19 19:46:37
Жакшы ырдаган, сулуу дагы бирок сууда онтогону жаккан жок
+1
Mariyana
2014-09-19 21:23:53
уну кооз,соонун ырдаптыр.
0
Gulnara1128
2014-09-30 15:08:11
ырчылардын балдарына алы келбей калган окшойт,жакшынакай ырды клип бузуп койгон
+2
maksat-kg
2014-10-05 07:07:14
Элдик ырды мынча кор кылып ырдабай эле койсо болмок экен!!!
+2
JASH
2014-10-05 21:28:32
Cоз жок!!! Ушундай ырды бузуптур. Грустный ырды жалжандап ким ырдайт?
+2
Jamiko
2014-10-18 20:24:04
Ашыралы Айталиевдин ырын кыйшаңдап ырдагыны эмнеси. Уят эле. Аябай "арзан" клип экен.
+2
ulik.2014
2014-12-16 00:58:01
Сонун соз жок. Бирок сууда жатып ырдабай эле койбопсун жарашбай калыптыр
0
nurmat_71
2014-12-20 20:47:49
наалыбагыла баары жакшы болуптур
0
Alay-Gulcho
2015-01-30 13:51:18
ырдын баркын кетирип ырдабай эле койбоптурдааа клиби да женил желпи башка эле кесипти тандаса болбмок жон эле ырчынын санын кобойтпой бул менин жеке ойум бул жерге ар бир окурман оз ойюн жазат анан да коалбады ана мына деп чыкпагыла анан да озунун жашына отто чон корунот
0
Kamila88
2015-02-11 12:05:10
Динара эженин уну жагымдуу Малика кызынын да унун апасыныкындай экен.
0
snikers.777
2015-03-27 22:28:08
Суунун ичинде ырдабай элекойбоптурда..а так баары жакшы
0
gulbar
2015-12-21 12:40:29
мага клиптеги бала жакты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан