Кудайберди Айтбосунов Асылым

Жүктөлгөн: 10-09-2014
04:31
55.8 Мб
Жанр: Поп
Кудайберди Айтбосунов "Асылым"
Сөзү : К.Айтбосуновдуку
Обону : К.Айтбосуновдуку
Сага арнадым садагам менин
Махабатым жалгызым сенсиң
Сүйүү оту өчпөй келемин,
О, секелек сезим терметтиң

Таңкы жылдыз жаркырап жанат
Алоолонуп жүрөгүм самайт.
Жалбарамын жараткандан мен,
Бирге болсок кайрадан экен

Кайырма:
Асылым эркем журөк эргиткен
Махабатка мен кол сунуп келем
Айтарым сага арманда калба
Ойлорумда сен кана...

Айлуу түндө ай чачат жарык,
Ак булуттар асманда калкып.
Күндөн күнгө убакыт учат,
Ушунчалык каякка шашат.

Эңсей берем элесиңди мен
Эч тынымсыз жүрөк эзилген
Эрдиңе эч жете албадым
Бактылуу бол менин ардагым
Комментарийлер (13)
Daiza
2014-09-10 12:31:43
Жакшы клип экен, ырын коптон бери эле угуп журом. Санжар Юлдашев жакшы, башкача краска клиптерди тартат экен.
+1
meerim8793
2014-09-10 13:24:00
Ырлары бири бирине окшошго,Асылым,Секетим,Айдайым деген ырлары.
+1
Kai
2014-09-10 14:28:08
Сонун болуптур Асылым деген ырың Айдайымдай жакшы болуптур... Эми только ушундай уривиньде делай брат!!!
+1
mekusha
2014-09-10 23:01:24
Абдан сонун заманбап жана сапатту клип болуптур!!!!Аракетине берекет. Ийгилик
+1
suluuwka95
2014-09-11 10:58:56
мага да жакты азаматсыз куба байке
+1
name.pfs
2014-09-11 12:34:28
Bazar jok klip boluptur,ARaketin Ku4tuu Kuba.MOlodes ,saga alban alban iigilikterdi kaalaim...
KLip jogorku dengelde tartylgan,Bawka yrchylardykyna karaganda.!!!
emi senden jakwy klipterdi,jana yrlardy kutobuz..)O TAK KRASAVCHIK!
+1
Lunatena
2014-09-12 02:29:46
Куба Айтбосунов, аракети бар жаман эмес жакшы. Бирок мен бул клиптен озгочо эч нерсе коргон жокмун. Санжар озгочо, кызыктуу клипти кутком, бирок халтура кылып койуптур коптогон клиптерден (Мирбектин акыркы клип идеясынанда.жн б.) алынган жери бар экен. Кубага айтарым хит боло турган ыр жаратсан жакшы болмок. Клип башталышы жакшы, бирок дагы коп иштешинер керек.
0
hanysha91
2014-09-12 21:54:29
болот орто
0
elamannn
2014-09-13 12:43:47
клип жакшы чыгыптыр ... дагы иштесе болмок .
0
Anjella89
2014-09-16 00:24:33
elamannn, Москвада шарты жок да иш темек турсун
0
Arti
2014-09-17 11:53:13
Клипте го сөз жок. Бирок ырдын тексти татык экен. мисалы: Сүйүү оту өчпөй келемин дегенди ким кандай тушунот? "Сүйүү ОТУН өчүрбөй же сүйүп, оттой өчпөй келемин" десе туура болмок экен. Сөзгө маани берип жүрүнүз "лампочка!".
+1
adik2806
2014-09-18 15:19:18
Куба ушул ырын мага жакты
0
Buzurmankulov
2016-04-21 20:23:01
Клип мыкты чыгыптыр !!! Азаматсын акыркы кундору сенин ырларын жакшы таанылып жатат Талыкпай дагы эмгек кыл +5
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан