Айжамал Кабылова Биймерген

Жүктөлгөн: 23-09-2014
05:09
51.76 Мб
Жанр: Поп
Айжамал Кабылова "Биймерген"
Бийдин башы биймерген бий деп келгенбиз,
Жалгыз кылбай жашоону миңдеп келгенбиз.
Жакшы менен жаманды иргеп келгенбиз,
Желек кылып кайышты ийлеп келгенбиз,
Жер замандан бери эле бийлеп келгенбиз.

Кайырма:
Кел, келгиле бийлейли,
Кел-келибиз бир келди.
Келечек доор бир болсун,
Кең дүнүйө пир болсун.
Бириктирген кыргызды
Биздин бий болсун.

Эзелкинин шаңы бар элдин бийинде,
Эй, кыз-жигит, канакей эргип күлүңдө.
Күлүк деген күнүндө, күлкү үнүндө,
Сезим селдеп бий болсун сенин үйүңдө.
Тулпар деген тушунда кызык ушунда.
Кайырма:

Кел, баарыңар, кел, бийге, келген эл бирге, Түндү күнгө айлантып түшсүн жер бийге. Канаты бар элденбиз, кана, кел, бийле, Кудай берген бактыбыз кууса кетпесин, Теңир берген бактыбыз тепсе кетпесин!

Кайырма:

Ала-Тообуз пир болсун!
Атпай кыргыз бий болсун?????
Кол кармашкан элдерди
Кошуп турган бий болсун.
Кыргыз үнүн ааламга созгон бий болсун!
Аккуладай закымдап озгон бий болсун!
Комментарийлер (42)
ernisosh
2014-09-24 21:04:38
Бизге ак калпак кийип, тоонун арасында тартылган клиптер жарашат.
0
belosnejka1
2014-09-25 04:18:17
Жакты, сонун клипи да ыры да. Азаматсын Айжамал !!!
0
Nuri-Alina
2014-09-25 20:34:10
,супер болуптур азаматсыз коралбагандар укпай эле койгула
0
Dasmond
2014-09-25 23:10:18
Соонун жерде тартылыптыр ээ
0
bolot00
2014-09-25 23:37:56
игилик айжамал жакшы ырдапсын
0
aika_sv
2014-09-26 01:32:50
Айжамал эженин уну жакшы, сонун ырдаптыр. Клип да жакшы тартылган. Кара жоргонун эле бир туру экен.
0
elaman93
2014-09-26 01:36:27
необычный клип типа индийский кыргыздарда э
0
aza.kg007
2014-09-26 01:53:52
жакшы экен
0
aminali
2014-09-26 04:54:54
Temasyn okup alyp kara jorgodoi go degem,tal ozundoi eken murda bular kaida jurushtu Sultano ekoo.Klip da jakshy,ungo soz jok altyn un.Fan kalganym ilgeri e le alyp chygysh kerek bolchu nukura bailyktardy.
0
Leili
2014-09-26 13:06:38
абдан сонун болуптур озгочо мага жактты азаматсыз
0
jazy
2014-09-28 13:18:58
ыр да клипда супер азаматсыз чыгармачылык ийгилик уйбулолук бакыт биз сиз мн сыймыктанабыз унунузго соз жоок эн сонун
0
Ханбийке
2014-09-30 00:58:31
Мерген жигит бийчи болуп кеткени жакшы экен.)))
0
Chopika
2015-04-09 23:17:29
Соонун клип болуптурийгилик
0
batma5
2015-10-14 12:58:58
Айжамалдын мурдагы концертин жуктоп коюнуздарчы Кыз-Буракта жургон мезгилиндеги
0
Birimdik5555
2017-09-30 00:28:51
Азаматсын чыныгы талант ушул Айжамалда,ийгилик сага,сенин ырларынды уккан сайын уккум келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан