КЫЗ - БУРАК тобу Апакем

Жүктөлгөн: 07-10-2014
03:51
45.53 Мб
Жанр: Поп
КЫЗ - БУРАК тобу "Апакем"
Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.

Кайырма:
Апакем кайда? Мен кайда?
Адырлуу, жашыл төр кайда?
Убакыт өтпөй табышмак,
Уктабайм түндө далайга

Жоругу тентек балдарбыз,
Жоогазын терип алганбыз.
Жок дүйнө менен алышып,
Жомокто жашап калганбыз.

Кайырма

Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.

Кайырма
Комментарийлер (43)
wolk85
2014-10-08 19:53:22
Кыз бурактын жаны ырларынан тушуруп койсонуздарчы
+1
aleshov.j
2014-10-08 20:30:43
Суту жок эле уйду саап жатканго
+1
belosnejka1
2014-10-09 05:54:47
Эх азыр канча кыздарыбыз ушинтип талаада иштеп журот..(
+1
maksb86
2014-10-09 06:56:36
Бир топту 25-30 жыл кармап туруш бул оной иш эмес Гулшаир эжеге рахмат
0
jazy
2014-10-09 15:15:56
клипда ырда сонун азаматсынар формалары супер соз жоок иттер уро берет кербен журо берет кантип бойонсода оздорун иши
+1
Studentka_IAAU
2014-10-09 22:14:24
Сонун болуптур. Коп жылдан бери жакшы клип чыга элек эле корсо бышырып журушкон турбайбы.
+2
sekelek96
2014-10-10 10:25:43
Клип соонун экен жакты
+2
bony-viktoria
2014-10-10 12:26:50
Жакты!Алыста журуп апамы корбогонумо да коп болуп калды,козумо жаш тегеренип кетти!Апамын жанында жургон балалык эске тушот.
+2
merinargiz
2014-10-10 12:41:58
башкы ролдогу кыздын лактары кетип калыптыр
0
bony-viktoria
2014-10-10 17:01:37
merinargiz бул турмуш жонундогу клип,россияга келип иштесен лагын очмоктугул,тырмагын тушот.
+1
wolk85
2014-10-10 23:23:24
Кыз бурактын кыздары аябай жакшы ырдайтда озу ийгилик силерге
+1
Moldur
2014-10-11 23:39:47
Ukmush
+1
ernisosh
2014-10-17 18:42:00
сайкал эле жагат.
+1
baktygul2
2014-12-20 15:32:26
жакшы эле болгонго, кийген формалары жакты мага
0
balaary
2015-01-31 19:33:23
Ээээхх апакемди сагындым..... Апакем Кыргызстанда мен Москвадааааа дер жургондон башка Айла жокко чиркин....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан