АГК тобу Жашоо керемет

Жүктөлгөн: 08-10-2014
03:17
43.31 Мб
Жанр: Поп
АГК тобу "Жашоо керемет"
Сөзү : Алишер Тоотаевдики
Обону : Алишер Тоотаевдики
Жашоо деген, чиркин, кандай керемет!
Амандыктан бизге башка не керек?
Ачык асман, тынчтык болуп турганы,
Билсең ошол Жараткандан чоң белек.

Кайырма:
Түркүн түрдүү укмуштары курчаган,
Биз жашаган дүйнө өзү жомоктой.
Сый бололу бирибизге бирибиз,
Адам деген асылдыкты жоготпой.

Жакшылыкка жар бололу кошулуп,
Болбогонго кейибейли өкүнүп.
Дүйнөбүздүн бейпилдигин сурайлы,
Жараткандан кайра-кайра өтүнүп.

Кайырма:

Жаз бололу жан дүйнөбүз жанданып,
Жадырашып, жашообузга шаңданып.
Жаркын дүйнө ажайып кооз жаралган,
Табиятка суктаналы таңданып.

Кайырма:
Комментарийлер (86)
abdymuhtar
2014-10-15 14:54:18
хахаха косметиканы биринчи коргон адамдай жаман боёнушуптур го эжелер
+2
ebe
2014-10-15 16:50:50
Ыр супер клип катардагы клиптердин бири
-1
MINURA-93
2014-10-15 18:32:22
клип сонун болуптур,Кенже эже аябай толуп кетиптирго
+1
asil-08
2014-10-17 13:28:33
колу менен дарбыз жесе эмне болуптур жакшы эле чыныгы жошоону тартышыптыр баары норма
+1
baby
2014-10-30 00:29:25
браво клип сууууупер алга АГК
0
mersedes2013
2014-11-02 21:14:45
жакшы эле бирок койноктор анча жарашпай калыптыр.Анан Кенже менен Гулнара бир аз арыктабаса болчудай эмес.Спорт залга срочно Кыздааар
+4
zolotoiolen
2014-11-13 20:38:38
ОООО Суппер соонун ырчылар,ундору да укмуш,Айжамалдан башкасына макияж через чур ашыкча,убагында КЫЗ БУРАКТЫ титреткен ушулар эле, мен бул айымдарды сыйлайм,учоо кеткенден кийин мага Кыз Бурактын ырлары тузсуз болуп сезилген. эми кайра биригип ТОП болуп чыкканына мен ото суйундум.
0
admin_media
2014-11-18 11:39:39
Looks,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Leili
2014-11-26 14:18:20
бууулар Анжелика турашыптыр башка идеянар жок беле
+7
aman94el
2015-02-03 00:54:09
азаматсынар кыздарики сиздер чыныгы суперсинер ушинтип ырдап турсанар орустардын Виаграсы 0 да чыгармачылык ийгилик!!!!!
-3
aman86
2015-02-25 11:02:08
кызык элесинер атайын кол менен дарбызды жеген да. бул клипте жасалма эч нерсе жок экен соонун клип
-1
aman94el
2015-03-04 02:07:25
АГК алга учоонун тен ундоруно соз жок жарат го чиркин АЙЖАМАЛ эже ото озгочо!! клип супер+5
-1
Nur92
2015-04-07 03:54:54
Катардагы эле клип,бир коргонго болот.
0
peri05
2016-06-12 10:01:19
Ото эле жонокой кийиништи негизи эле билишбейт,макияж вообще начар
0
timaika9195
2017-03-09 20:01:09
Тооба форумчулар эмес сынчылар болуп алыпсынар гоо. Макияжы,ыры,клиби баары соонун. Силердин козунор озу жакшы нерсени коробу? Сындагандын да чеги болот,жакшы нерсени жакшы десенер бир нерсе болосунарбы тооба.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан