Нурлан Насип Эки жаш

Жүктөлгөн: 14-10-2014
03:38
48.69 Мб
Жанр: Поп
Нурлан Насип "Эки жаш"
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар,
Балдай таттуу сүйүү таптыңар.
Көңүл кушу бири-бирин жактырып,
Кош ак куудай канат кактыңар.
Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп,
Той өткөрүп турган чактыңар.
Келиңиздер деп сыйга чакырып,
Конокторго эшик ачтыңар.

Кайырма:
Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.

Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын,
Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын.
Куда болуп эки тарап достошуп,
Кубанычтар толкуп агылсын.
Куттуктайлы эки жашты чын дилден,
Коломтоңор өчпөй жагылсын.
Ак сакалдардын батасы тийип,
Алдей үнү үйдө жаңырсын.

Кайырма:
Комментарийлер (56)
nurtai
2014-10-16 12:19:49
Nurlan araket jakwy,aldyga,iygilik!
+1
Begai.93
2014-10-16 13:36:36
жакшы болуптур клип
0
elyanura_97
2014-10-16 18:54:13
Нурлан Насип Улук Сапаров деген досуна арнап ырды жана клипти арнаган,5-6 ай муран Улук байке Канышай деген эжеге баш кошкон,ал эми Нурлан байке соонун белек кылган,клип дагы жакшы болгон.Улук Сапаров белгилуу ди-джей жана мыкты клиптерде тартылган.
0
kimsiz
2014-10-16 19:14:46
Ыр жакты сонун экен
+1
bahann
2014-10-18 01:08:12
можно послушать несколько раз
0
Qnet
2014-10-19 02:37:02
Мекендештер,Нурлан Насип Москвада концерт койот экенго,кимде маалымат болсо айтып койунуздарчы!
0
Asiyo
2014-10-19 10:22:05
Жакпады
-1
Oceana
2014-10-19 20:45:46
Jakty sonun 4ygyptyr.
+1
aykyz
2014-10-20 16:48:24
Күзгүдө "Джонсонос бейбинин" креми турат го, бала бар үйдөн тартыптыр да, жаңы турмушка чыгып жаткан кызда кайдан мындай крем)))
0
chubi
2014-11-19 13:35:57
aykyz, кээ бир кыздар детский крем суйконушот
0
goodman02
2014-11-20 15:25:56
aykyz, азамаат ошонуда байкап койдунбу))))
0
adilet_saikal
2014-10-24 16:20:02
аябай соонун ыр экен!
+1
BakytABAS
2014-10-25 14:51:06
Акыркы учурда ушул жигит жакшы ырларды тартуулап жатат. Азаматсын. Ийгилик каалайм!
+1
DOSY_1994
2014-10-29 00:40:58
Admin_media нурландын туулган кун жонундо ырын кантип тапса болот?
-1
PgUp
2014-10-29 10:15:44
DOSY_1994, http://www.super.kg/media/video/120583/ бул жактале турат озунун тизмесиндеги ырларында
0
ArGeN4iK
2015-01-19 16:56:40
Жакшы болуптур
0
nurzat96
2015-01-28 18:28:06
абдан сонун ыр болгон бардык жаштар бактылуу болсун
0
BubleGum
2015-02-25 21:03:07
М дааа "чагынар" деп деле койсо болмок экен жаш акынбы? карт акынныбы! "Башынарга жангак чактынааааар" дегендей кылбай!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан