Айжамал Кабылова Айта бар арманымды

Жүктөлгөн: 10-05-2010
04:13
64.46 Мб
Жанр: Поп
Айжамал Кабылова "Айта бар арманымды"
Алыстан сапар тартып,
Айдың кеч кербен келет.
Тааныштай ээрчип аны,
Көк менен булут сүзөт.
Шыңгыры коңгуроонун,
Угулат кулагыма.
Алаксыйт көңүл кушум,
Ашыктык ырларына.

Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.

Жымыңдап жылдыз көктө,
Жылгада жатсаң көрөт.
Апаппак булут менен,
Кошулуп кетким келет.
Кыйырсыз чексиз аалам,
Бар болуп калганын көр,
Ырчыга ошол дүйнө,
Тар болуп калганын көр.

Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.

Кабарлап койсоң кана,
Үнүңдү угар болсом,
Үмүткө жетелене,
Сагынып күткөн болсоң.
Ак булут айтып барар,
Ак сүйүүм, махабатым.
Кербендер айтып барар,
Кусалуу жүрөк дартын.

Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.
Комментарийлер (23)
Адам
2010-05-12 13:07:17
Ээээхх!
0
Zarazuha
2010-05-12 18:06:42
жаны жокпу не?
0
Mekalayka
2010-05-12 18:34:39
oooooy! superskaya pesnya!
+1
лоло пепе
2010-05-13 16:50:12
Прикольный клип! Но старая! Что новых не было?! Она здесь ничевая получилась такая беленькая!
+1
xman
2010-05-19 10:22:44
Мне кажется, что Айжамал турмушка чыккандан кийин чыгармачылыгы артка кетип бара жатат... Үнү бузулуп, келбети дагы...
Но самое главное үй-бүлө да...
-1
blaze
2010-05-19 13:04:12
Маган жагат ыры, клиби да жакты!
+1
rai
2010-06-15 10:26:12
Мага бул ыр абда-а-а-ан жагат да. Жалгыз, болмодо созолонуп ырдасан сонун... Анан да Жаку да туура айткан, Мерген Турган менен ырдаган варианты да ийгиликтуу болгон. Азаматсыз, Айжамал!!! Ийгилик сизге!!!
+1
Kaibek
2010-06-29 10:58:45
Эски болгону менен жакшы ыр, жакшы аткаруучу, жакшы клип. Айрым жаны клиптерге караганда ушуну коргон жакшы.
+1
Bayish
2010-08-15 22:59:13
аябай эле сепкил бетини жашырып свет менен фальшивка болуптур го ?! аппак кылып жаркыратып но всё равно мы знаем что Айжамалдын бети сепкиииил ! но песня хорошая ! Казактарга рахмат что ушундай жакшы ыр чыгарып койгондоруна !! эээээээээээх кыргызым качан озун достойный ыр жазат экенсин э ?!
-2
jumamidin
2014-01-25 06:02:53
Bayish, бул ырдын текстин Тургунбай Жумаев деген акын жазган. Обонун болсо Баткендеги домкультурада эмгектенген Мамажан Козубаев деген музыкант жазган. Ал мектепте да музыкадан сабак берген бир мезгилде, бизди окуткан. Бул ыр 2000-жылдардын башында чыккан болчу, автор(обончу) аккордеон менен ырдап журчу. Айжамал 2004 же 2005 ырдап чыкты болуш керек. "Кызбурак" тобу Баткенге гастролдоп барганда Айжамалга "менин ырымды жалпы элге тааныттын" деп ыраазычылык билдириптир Мамажан Козубаев.
+1
azastarus
2010-08-23 22:14:24
Bayish,sen ayabai ele baar joktu kyiyn bilgendeisingo.Kaiaktan uktun Kazaktyn yry dep,Kyrgyzdyn gana yry.Aijamaldy da ayabai jakshy bilet okshoisun?betinen beri synapsyn.anyn betinde ech kandai sepkili jok
+1
Akyikatchy
2010-09-15 01:52:23
Арышын кенейип,чыгармачылык ийгиликтер коштосун.Мыкты аткарыпсын.
+1
Kaibek
2011-06-17 11:33:31
Bayish, бул ыр казактардыкы деп ким айтты сага? казак эмес эле кыргыздардыкы.
0
beka8585
2012-01-28 11:41:01
кыпкыргыздардын эле ыры сонун ыр уксун эс аласын
+1
k.osmonaliev
2012-02-04 22:59:44
ыры жакшы
0
bekenbaev
2012-03-25 15:21:37
ушул ырды дуэт аткарганы болсо жуктоп койгулачы, сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан