Эмил Балтагулов Ыйлабачы, булуттарым

Жүктөлгөн: 14-11-2014
03:50
41.49 Мб
Жанр: Поп
Эмил Балтагулов "Ыйлабачы, булуттарым"
Ким үчүн билбей келем буулукканым,
Күн санап күтүп келем буйрук таңын.
Ызага көңүлүмдү кайра бөлөп,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.

Сунса да тагдыр мага кылычтарын,
Сыноонун ачуу даамын унутканмын.
Ыраакы мезгилдерди эске салып,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.

Өчүрбөй жагып улам үмүт шамын,
Өзүмдү өзүм алдап жылытканмын.
Ыйлашар жүрөктөрдүн жолу башка,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым
Комментарийлер (24)
suiuktuujar
2014-11-15 16:04:52
ырга соз жок клип толукталбай калган
+1
Ysykataarashan
2014-11-16 12:27:29
Дениздеби, океандабы, кыскасы толкунга кирип ырдаган жери жакты. Жаштарга тарбия бериптир мазмуну...
+1
Ibragim864
2014-11-17 04:38:44
Талантын арта берсин Эмил,аябай сонун ырдапсын.
+3
Эмил Балтагулов
2014-12-07 01:07:51
Ibragim864, рахмат. Кубанычтамын.
0
adilet_saikal
2014-11-17 19:09:45
денени титиреткен ыр экен.
+1
jasi
2014-11-18 10:29:01
Ар бир кызга эмес, дегеле ар бир жанга ыйман берсин! Таасирдуу клип экен
+2
sapargul
2014-11-18 23:06:04
Булуттарыбыз эч качан ыйлабасын, асманыбыз ачык болуп, Жараткан Алла барыбызга ыйман берсин. Ырдын авторлоруна терен ыразычылык жана чыгармачылык ийгилик.
+2
er-ulan7777
2014-11-26 02:14:51
орто
+1
changak
2014-11-26 18:45:19
качество начар экен
+1
Nuraza
2014-11-26 23:12:01
эн сонун сабак болду окшойт,дискотека деп чуркагандарга,жана баарыбызга!ата энебиз Улук экенин унутпайлычы Достор!
+1
balykchydan
2014-12-12 14:55:25
урматттуу админ super.kg деген жазууну алып койбойсунарбы козду алаксытпай. бурчтагы эле логотибинер жетет да, корунуп эле турат го...
+1
doolotbekovna.96
2014-12-13 14:31:30
Соонун ыр экен..Чоон рахмат!!!!!!!!!!!
+1
toma85
2015-04-08 03:45:46
Сонун ыр экен. Аябай жакты.
+1
toma85
2015-04-08 03:52:31
Урматту администрация,
Боздотпочу ботодой болуп,
Мен калбайын бир гулдой соолуп.
Айрылдым сенден сенден кантейин.
Боздотпочу ботодой болуп.
Боздотпочу,боздобоюн,боздотпочу ботодой болуп.


Ак шумкардын боосу шынгырап.
Аккуу колдо айдай кулпурат.
Кайгырдым сен деп сен деп кантейин.
Апманымдан турам ыр курап.
А мен турам, аалам турат,
а мен турам мундан ыр курап.
Мына ушул ырды эльмирбек иманалиевтен сурап кочур
0
toma85
2015-04-08 03:54:19
Томонку ырдын текстин жуктоп коюнуздарчы сураныч
+1
Эмил Балтагулов
2016-07-21 00:27:17
Рахмат баарыныздарга, жылуу соз жан эргитет тура.
0
tashi62
2016-10-07 15:24:31
Эмил Балтагулов, бул ырыңызды быйыл уктум,аябай сонун ишиңизге ийгилик .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан