Замир Арыкбаев Мөлтүрөгөн

Жүктөлгөн: 26-11-2014
03:41
46.39 Мб
Жанр: Поп
Замир Арыкбаев "Мөлтүрөгөн"
Бул ыр Мирбек Масалиев менен биргеликте аткарылган
Эркелесең кулпуруп өзгөчөмсүң,
Элигиндей талаанын
Аруулардын кечеги данегисиң,
Ай үстүндө маралым.
Адамзаттын ажарлуу көркөмүсүң,
Күндөй ачык кабагың,
Көңүлдөгү сезимдей эрке кушуп,
Сагынычтын шамалы.

Кайырма:
Мөлтүрөгөн, мөлтүрөгөн
Мөлтүрөгөн жанарың...

Санаа-ойдун сезимдин чертимисиң,
Оттой неге жанамын.
Жүрөгүмдө жаралган махабатым,
Жоодураган каралдым.
Кербен сулуу чырайлуу келбетиңе,
Көзүмдү албай карадым.
Өз теңимди таба албай жер бетинен,
Бакытыма бааладым.

Кайырма:

Сызып учкан ак куудай көл бетинен,
Аппак экен тамагың.
Жадыратар жолумду, өмүрүмдү
Үлбүрөгөн жамалың
Сендей сулуу жок десем сен сезбейсиң,
Барбы менин амалым
Бул өмүргө келгендей жакшы ыр үчүн
Мөлтүрөгөн жанарым.
Комментарийлер (38)
timurbek34
2014-11-28 05:03:21
мага да клип жакпады
0
Jiza
2014-11-28 11:50:29
Zamir bayke maga jagat, adamkerchiliktuu abdan..yry da? klipi da sonun boluptur!!
0
kaiurka
2014-11-28 17:15:35
жакшы болуптур клип
0
ZVEZDA01
2014-11-28 19:11:57
Супер ыр да клип да.Супер инфо акыркы убакта экран менен бир кылып логотипинерди койуп койуп жатасынар киного да,клипке да элдин баары билет силердин сайтынардан коруп,кочуруп жатканын менимче устундогу эле логотип жетиштууго деп ойлойм чон лог алып койсонуздар болобу клипти бузуп койот экен.Эгер мумкун болсо.
0
ZANIA-92
2014-11-29 13:19:14
А мага Замир Арыкбаевдин коздору жагатда .
0
adilet_saikal
2014-11-29 19:40:37
эх, кандай сулуу аял! Кыргыздын жузу десе да болот.
0
sabyr86
2014-11-30 15:00:01
Азаматсыңар!
0
umka87
2014-12-01 01:14:00
Таттыбубу эжекебизде чанда кезикчуу сулуулук.акуунун дал озу ,эрте дуйнодон кеткени окунучтуу дагы канча кыргыздын маданиятына салым кошмок!!!
0
NurlanS-89
2014-12-01 23:29:48
Ийгилик Замир брат жакшы ырларды дагыды ырдай бер!
0
Akma
2014-12-05 16:52:32
Сонун болуптур, клип учун рахмат!
0
ABAkg86
2014-12-08 10:40:12
Эхх, кам сүт эмген пенделер! Дагы канча убак бирөөдөн кемтик издейбиз? Деги качан бир бирибизди колдойбуз. Ушинтип турсак кыргыз оңолобу. Клиптеги идея максаттуу чагылдырылган. Мен баалайм. Себеби ал жерде Таттыбүбү ... .
0
Meliana
2014-12-09 22:23:09
Аябай сонун клип.
0
amanatym
2014-12-18 10:50:48
аракети бар бирок уну жок.
0
KyrkyzKa
2014-12-18 18:46:05
Ырдын создору атыйын Таттыбубу эжебизге арналып жазылгандай, Замир байке сизге ырахмат ушинтип ырдап чыкканынынызга , сизге дагы ушундай ой келсе керек бул ырды биринчи укканда. А коро албастар суйлой берсин ит уро берет, араба журо берет деп коет го. Силер керек болсо казактардан жакшы ырдаптырсынар.Онорунор оркундой берсин , ишинерге ийгилик.
0
rodrigez
2015-03-27 11:42:26
Клип менн ырды ХХХХ ХХХХ ....эн мыкты ыр жана сонун клип. Жакпаса завидуйте молча ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2015-03-27 11:58:49
rodrigez, ар бир колдонуучу эрежеден чыкпай өз оюн жазууга укуктуу! Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуп, жеке билдирүүнүн купуя менен жазыңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан