Гүлзинат Суранчиева Күн чыгышым

Жүктөлгөн: 07-01-2015
03:26
42.22 Мб
Жанр: Поп
Гүлзинат Суранчиева "Күн чыгышым"
Үлам карап түш тарапты элеңдеп
Айтар сөздү миң кайталап келем деп
Күн чыгышым сени күтөм заарыгып
Анык беле айкан сөзүң келем деп


Тоонун суусу апкарылат иримдеп
Дарак ырдайт жалбырагы дирилдеп
Күн чыгышым келсеө боло күттүрбөй
Салааланып саамай чачың бириңдеп


Айлап жылдап жалгыз сенден түгөндүм
Жүрөгүмдүн бардыгына күмөнмүн
Колду шилтеп кетип калбас себебим
Боосу сенде мен катынган жүгүндүн


Улам карап туш тарапты элеңдеп,
Айтар сөздү миң кайталап келем деп
Күн чыгышым сага деген махабат
Жүрөгүмө батып барат тереңдеп
Комментарийлер (18)
Aipri
2015-01-07 16:16:05
Бир аз жайды кутуп, талаадан тартырса соонун болмок. Бир студияга чоп алып келип тартканы клип дагы искусственный болуп калыптыр.
0
Bakulya79
2015-01-07 20:06:28
Болгон кумушун тагып,клипке тартылганго апчем.
+2
suiuktuujar
2015-01-07 20:38:30
Жакшы эле клип болуптур.
+1
Nuka93
2015-01-07 20:45:16
bul yrdy yrdabay ele koyboptur, Eles tobu jakwy yrdayt ele, klip da okwoboy kalyptyr,
+2
elvira1980
2015-01-07 21:40:35
Ушул Суранчиева ырдабай эле койсон жакшы болот эле ун жок эптеп септеп журосун да жаштар ырдасын!
+3
megaziret97
2015-01-08 10:14:16
Гүлзинат Суранчиеванын жаны ырын жуктоп коюнуздарчы,super.kg
0
admin_media
2015-01-08 17:15:55
megaziret97, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
orun
2015-01-08 22:07:31
Цыгандарга окшоп кийинип алганго
-2
Zhyldyz123456
2015-01-09 14:14:55
Ujjjas!!!
-1
bliznesy
2015-01-09 20:16:01
Клиптеги жигит эле жакты.
+3
megaziret97
2015-01-10 19:14:17
Урматтуу @super.kg Менин суранычым эмне болду, радиолордо уктурулуп жатат го!Гулзинат Суранчиева-Мекеним Кыргызстан!Сураныч жүктөгөнгө аракет кылыныздарчы!!
0
admin_media
2015-01-12 12:52:08
megaziret97, саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/133781/
0
chopa-chopa
2015-01-11 23:29:10
О вкусах не спорят же табитти талашпайт дейт. ошентсе да менимче костюмундагы кыргыз оюулары фасонго жарашпайт чачындагы уклон ашыкча, ырчыны ачпай эле бытылдатып салган. же толугу менен кыргызча же байыркы гректерче кийинсе болмок. Бирок биздин табитке баары боло берет.
+1
Aselim
2015-01-12 09:45:12
Кандай деген керемет ыр! Бирок Гулзинат ырды супсак ырдап коюптур, эски ырды жаныча ырдайм дегендер мурункусунан да ашыра, катыра ырдаш керек эле, ага алы жетпесе жон эле коюшса, эски ырларды Мирбек Атабеков журогуно жеткире ырдайт го чиркин!
0
Erniet
2015-01-13 15:59:09
Бул ыр аябай жакшы ыр Гулзинат жеткире аткарбаптыр ырдын аранжировкасы начари клип жакшы эмес Мисалы Юлия Руцкая Аппак суйуу деген ырды сонун ырдап чыкты эле
0
ardak1
2015-01-13 17:35:16
Ырдаганы жакшы эле бирок клип бир аз супсак экен
0
Apache
2015-08-05 12:25:48
Бул ырдын баркын кетирип ырдабай эле койбойт белен. Бул ырды легандардуу «Элес» тобунан башка эчким жакшы ырдай алмак эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан