Асель Турдалиева Алтын апа

Жүктөлгөн: 15-01-2015
03:47
48.96 Мб
Жанр: Поп
Асель Турдалиева "Алтын апа"
Атыңдан кагылайын, алтын апа,
Алыста жүргөнүмө санаа тартпа.
Максаты ар бир жаштын билим алуу,
Азыркы гүлдөп турган ушул чакта.

Кайырма:
Алтын апа, болбочу капа,
Кызың үчүн санаа тартпа.
Алтын апа, кат жазам сага,
Сен мен үчүн санаа тартпа,
Алтын апа.

Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап,
Келсечи деп жүргөндүрсүң күндү карап.
Максатым адам болуу дал өзүңдөй,
Элимдин керегине турган жарап.

Кайырма:

Күндө эстейм сенин туурук колдоруңду,
Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдоруңду.
Оболоп жылдыз болуу - улуу максат,
Жетелеп иликтирет ойлорумду.

Кайырма:
Комментарийлер (13)
Bakulya79
2015-01-15 18:22:14
Асел апчем жашарып,сулуу болуп кеткенго.Алтын апаларыбыз эч качан оорубасын.сонун ыр,жагымдуу клип.талантыныз очпосун.
+1
azizka94
2015-01-15 20:34:11
Алтындай апаларыбыздын жаратканым омурун берсин,мыкты клип болуптур озгочо кичине балдар жакты
+1
suiuktuujar
2015-01-16 16:41:10
Алтындан кымбат апаларыбыз бактыбызга бар болушсун.
+1
rnurzida
2015-01-16 20:01:17
Ибрагим Жунусовдун ушул ыры өзгөчө да. Асел Турдалиева да жакшы ырдаптыр.
0
asel.bahtierova
2015-01-18 03:41:01
Эн сонун клип болуптур, апаларыбыз ар дайым бар болушсун. Асель эже мага аябай жагат даа таланттынызга таазим эжеке ушундай жагымдуу чыгармаларды жараттып журо бериниз.
0
Mavlyuda
2015-01-19 09:40:49
Мен да Асел эжекени аябай жакшы кором. Кинолорго да сонун тартылган. Каткырып коросун. Бул эжекени корсом эле конулум которулот. Бар болунуз.
0
kindly_girl91
2015-01-19 11:34:01
клиптин идеясы жакты.
0
guli2289
2015-01-19 21:25:59
клиптегилер асел эженин бир туугандары бекен жакшы чыгыптыр апекелерибиз бар болсун ар дайым
0
Tukeler
2015-01-22 14:40:36
Аселден да интервью алгылачы
0
aguni
2015-01-27 15:33:35
Алтындай болгон апаларыбыз, ар дайым жаныбызда журо беришсин.
0
sumka
2015-05-02 02:31:16
Supet Asel eje!!!
0
Nasesh
2019-05-10 22:58:20
Урматтуу Супер-Инфо Асель Турдалиеванын Туулган кунум деген клиби силердин базада бар турбайбы,сураныч медиа-порталга жуктоп коесуздарбы,аябай отуном.
0
Nasesh
2019-05-10 23:02:03
Клипти бар деп ишенимдуу айтканымдын себеби,анын туулган куну тууралуу репортажда колдонуптурсунар го,ошол клип буткул интернет боюнча жок экен,силер чыгарып коесуздарбы издеп аракет кылып,аябай суранам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан