Ачылган кызыл көп гүлдөр,
Суктантат көргөн ал түрлөр.
Көрүнөт бир гүл башкача,
Көргөндөр гүлдөн бир сүрдөөр.
Кайырма:
Бакытка толгон гүл мына,
Бакытым сенсиң, Чынара.
Сүйүүгө толгон гүл мына,
Ошол гүл сенсиң, Чынара.
Ал гүлдө сүйүү ыры бар,
Ал гүлдө кыздын үнү бар.
Таажысын жайып туш-тушка,
Ал гүлдө менин сүйүүм бар.
Кайырма.
Ал гүлгө бардым жанашып,
Саламга келдим мен шашып.
Сездирдим сүйүү белгисин,
Ал дагы келди жанашып.
Кайырма:
Комментарийлер (11)
kodo
2015-01-21 20:17:53
ибрагим жунусов агайыбыздын эски клиптерин сиздерге алып келип оптом токкон окшойт ээ. жанылары жок бекен?
0
damir007
2015-01-22 10:09:28
kodo, жакшы да ушундай ретро клиптер, ушундай архивди коруп ииий деп мурдагы 90чу жылдарды эске салып. коп эле ырчылардыкы бар. бул алтын казына болуп сакталып кала берет
+1
Gulnazi
2015-01-22 16:18:45
Эн.сонун!угуп-черим.жазылды
+1
Bakulya79
2015-01-22 17:45:13
Жаштык кез кандай сонун.аны кайра кайрып албайсын.
+1
mirgul8186
2015-01-23 00:00:22
кандай гана сонун ыр уккулукту экен.
+1
Duulat
2015-01-23 02:02:19
Ырчы катары ырларын угуп, сыйлай турган инсан!!!
+1
domi
2015-01-23 13:33:07
ретро мыкты клип
+1
rnurzida
2015-01-24 05:37:56
Супер. Сөз болушу мүмкүн эмес.
0
temirov76
2015-01-24 19:57:22
Урматтуу админ урматтуу ыр ышкыбоздору Согдиананын синее небо деген ырыны ким которуп ким ошол обон менен ырдаган айтып коюнуздарчы сураныч,сиздерди терен урматтоо менен мен!
0
alnaz
2015-02-21 14:31:44
Оууу суперчилер рахмат айланайындар!Ушундай эски ырлардан,кинолордон кобуроок бергилечи садага болоюндарым десе,жанагы "кошокчу"деген Т.Океевдин киносун жуктоп ийгилечи,суранам. Ал эми Ибрагимдин ушул ыры убагында бут Кырг-нды жарган.Сонун.
0
admin_media
2015-02-21 18:11:38
alnaz, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.