Назира Токонова Суранам

Жүктөлгөн: 09-02-2015
04:04
50.33 Мб
Жанр: Поп
Назира Токонова "Суранам"
Сөзү : Кубанычбек Бакиевдики
Обону : Эркин Каимовдуку
Неге сен мени карап жодурайсың,
Өмүргө күз жакындап калган кезде.
Көксөтүп алыс калган жаштыгымды,
Белегиң мага деген ушул беле.

Кайырма:
Азгырып улам-улам карай бербе,
Талдырып көздүн нурун бекерге эле.
Мен сендик эместигим билесиңго,
Суранам алоолонуп карай бербе, тиктей бербе.

Суранам мени улам карай бербе,
Толтуруп бүт денемди кусалыкка.
Тиктешиң сезимдерге салып бүлүк,
Жүрөгүм алоолонуп күйүп-жанат.

Кайырма:

Өтүнөм мени улам карай бере,
Ысытса эрип кетер темир деле,
Чыдабай илебиңе кабылбайын,
Өмүргө күз жакындап калган кезде.

Кайырма:
Комментарийлер (51)
fittoniya
2015-02-13 23:38:31
Азиз Мурадалиев клипти ондоп кетиптир.Ыры жакшы эле экен.Ушу таанымалдар бетиндеги он кабат макияжды кичине жашырып коюшкандын ордуна кайра жакындан тарттырышат.Олчойгон гриммди коргондон да тажайт экенсин.
0
malsirun
2015-02-14 18:07:24
Ыр ун укмуш бирок клиптин акыры тушунуксуз болгондой чыгармачылык иш не ийгилик.
0
Nuraza
2015-02-15 01:43:19
мурунку клиптин уландысы кылыптыр,супеер болуп калыптыр!азаматсын Назира алга!ырларын мен учун жаралгандай кайра кайра уккандан эч тажабайм!
+2
alnaz
2015-02-21 13:57:39
Актерлор коркун ачыптыр,кыздардан арыгыраак сулуусун койбопоптур кичине коркомдоп,ошондо ажайып сулуулук,сезим орномок коруучулордун журогундо. Кантсе да сулуулукту коруучулор жактырат эмеспи. Назиранын унуно соз жок, эн сонун!
0
Nazmirjaz
2015-03-19 16:35:00
Жакшы маанилуу ыр экен ырчы кызга ийгилик! Ал эми тушунбодум дегендерге жол болсун!
+2
oroz1970
2015-04-12 12:35:43
красавица
+3
Tynchtyk012988i
2015-04-16 17:06:44
азыр клиптер жакшы чыкып атат менам клип тартсам канча кетет
0
anjela500
2015-04-18 16:38:09
Аябай сонун ыр мага абдан жакты
+3
guchi
2015-04-21 18:45:34
Клип аябай жакшы тартылган.Байзак менен Карлыгачтын тоюнан узунду алыныптыр. Назирага ийгилик!
+3
RoMaNtIc-BaLa
2015-05-17 02:09:24
Отто жакшы
+1
isiko
2015-05-24 23:32:28
достор жардам берип койгула, бугун радиодон бир сонун ыр уккам бирок ким ырдайт билалбай жатам, кайырмасыны гана жаттап калгам, кайырма, тагдырыма тарынбаймын суйбогонго жалынбаймын
0
Bermet_Kasymova
2015-07-04 03:13:26
Ушул ыр оорум болду го!))). Унуно соз жок! БРАВО!
0
shok.kg
2015-12-05 20:44:08
Эн сонун! Керемет.....
0
Jack.18
2016-12-16 00:35:12
Суперстан ушул клип кайсы кинодон алынган же мен адашып жатамбы?кинодон болсо атын айтып коесуздарбы?
0
admin_media
2016-12-16 09:53:52
Jack.18,
Саламатсызбы! Кинодон алынган эмес, атайын тартылган клип.
0
Junusbai
2017-10-10 18:15:16
Клип аябай жакшы тартылыптыр,рахмат ийгилик!.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан