Токтобек Асаналиев Боогачың сенин болоюн

Жүктөлгөн: 22-06-2010
04:07
24.87 Мб
Жанр:
Токтобек Асаналиев "Боогачың сенин болоюн"
Сөзү : А.Рыскуловдуку
Обону : К.Рыскуловдуку
Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.

Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың,

Алыска арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?

Кайырма:
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.

Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.

Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Комментарийлер (25)
Coldun
2010-06-26 12:38:43
Токо байке азаматсыз!!!!! Сизден дагы-дагы жакшы ырларды кутобуз.
0
Marmiladka
2010-07-01 10:28:22
Ыр жакшы экен эски заманды эстеткен. Клип өз ордунда иштелип чыгыптыр.
0
Heidelberg
2010-07-03 20:21:40
En sonun urdagan! Urdun maanisi da abdan jakschu! Ex chirkin At-Baschumdu sagundum
0
Akjol
2010-07-04 06:32:26
Мына живой ыр,живой клип,аябай соннун экен уга беретурган,эхх айылымды сагынып кеттим клипти коруп.
0
Baktirbak
2010-07-10 11:04:35
Азаматсыз Токтобек байке онорунуз оркундой берсин ишинизге ийгилик.
0
azaika
2010-07-16 11:51:33
Кыргызча коп деле ыр укпайм, бирок бул ырды укканда кыя отуп кете албайм.Эн сонун ыр!!!
0
azaika
2010-07-16 13:10:50
эми ушул ырдын МР3 форматы болсо эн эле сонун болмок ле да)))))
0
azaika
2010-07-16 13:11:12
ким да болсо болушсо эххххх
0
jonikg
2010-07-28 11:54:43
Клип бир эле колонкадан уну угулат экен, начар качество!
0
maradona
2010-08-06 18:31:39
ЭН МЫКТЫ БУЛ ЫРДЫ БАШКАЛАР ЫРДОО ЧУН ТОКТОБЕК БАЙКЕНИН УНУ КЕРЕК
0
bakytmirza
2010-08-18 17:38:09
Негизи раматылык Калмурат Рыскуловдун обондору жүрөк титиреткен, уккулуктуу. Сөздү да тандай билген. Балким арабыздан эрте кетпегенде дагы да мыкты обондор жаралмактыр.

Ал эми Боогачы Нарынга белгилүү болуш болгон. Сүргүндө кайтыш болгон. Сүргүндө жүргөн жеринен бул жакка алып келели деп барганда өзү көнбөй койгон, бул кебетемди кыргыздар көрбөй эле койсун деп.
0
bakytmirza
2010-08-18 17:39:36
Эл Боогачы болушту кандай көргөн болсо, элесинде ошол боюнча калсын деген.
0
tugolbai
2011-04-05 02:20:35
Токтобек байке дагы бир жолу Рахмат! Ат-башымды ырдапсыз,мен да сагындым чиркин.
0
Dan4ik2612
2011-07-11 00:20:51
Ыр дагы Клип дагы аябай сонун экен.мага жакты...
0
Take84
2011-10-27 10:35:07
Токтобек байкенин ырлары баарын жактырып угам өзгөчө "Боогачын сенин болойун" деген ыры ушунчалык уккулуктуу рахмат Токтобек баке ушуга окшогон көп-көп ырларды жарата бериниз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан