Анжелика Сени ойлосом...

Жүктөлгөн: 16-03-2015
03:59
48.15 Мб
Жанр: Поп
Анжелика "Сени ойлосом..."
Сөзү : С.Шимеевдики
Обону : Ү.Сыдыковдуку
Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө,
Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын гүлүн терген өмүргө.

Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып,
Жалынчумун, жаным, сага кагылып.
Кирпик какпай таң атырам далай түн,
Карааныңды бир көргөнгө зарылып.

Сен унутсаң, мен унута албадым,
Элесиңди көңүлгө бек кармадым.
Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
Комментарийлер (115)
Guki
2015-03-20 21:59:14
азыркы заманда акчан коп болсо сулуусун бактылуусун эми жашоо кыскасы жашоо.................. !!
+8
5_mika
2015-03-22 20:37:00
Клип начар!ушунчалык дубайдан тартса жакшылап эле тартса болмок! ун такыр жок! Но самое главное акчасы бар))
+10
merinargiz
2015-03-23 03:03:02
эн сонун клип,анан Анжеликаны мынча жаман коросунор менин оюмча Асель Кадырбековага караганда ун бар эле
0
Bakenulukbek
2015-03-27 18:22:16
Чынында анча болбой калган бирок Дубай базар жок
+2
aikol87
2015-04-04 10:03:38
Ун такыр жок,жакпады.бул кызды аял катары баалайм,ырчы эмес.
+7
gul0890
2015-04-10 01:35:14
Анжелик азаматсын! Ишинетерине ийгилик! Аялга тиешелуу баардык сапаттары бар.
-1
san4ik.B
2015-04-14 22:32:40
GUlYA5555
Мактанаарлык жери болсо мактанат да ушундай кезде мактанбаганда анан качан мактанат.Мына сен учун макал дагы жаралып кетти. :)
-4
Gulmirahon
2015-04-21 18:28:49
Иииий соонун ырды бузуп... ырдабай эле алып баруучу болуп журо берчи. деги тилин буудай куууруйт...
+6
Hanna77
2015-08-07 21:41:31
Gulmirahon, ээн туура айтасыз.Уну такыр эле жок
+2
Aelinka
2015-04-29 00:22:35
Азаматсын Анжелика! Талантын оркундой берсин! чыгармачылыгына чон ийгиликтерди каалайм!
-2
hanisa
2015-05-05 12:56:48
lichno maga jakty☺
-3
Мэри
2015-05-28 18:22:11
Белгилүү ыр, клип жаман эмес, бирок Юлиянын "Аппак сүйүү" клибине окшош жактары бар экен: узун көйнөк, экөөнүн тең чачтарынын жасалгасында,тагынчактарында окшоштук бар, ээн талаа, чөл, жалгыз, жылаңаяк, экөө тең жерге жатышат... ))) Билбейм, биринчи эле көргөндө окшоштуктар сезилди, демек, Анжелика изденген эмес деген ойдо калдым...
+3
dastan_nookat
2015-06-01 15:58:30
Анжелика мыктысыз!
0
Bakky07
2015-10-11 14:08:47
Ырчы болбой эле койсон.
+1
Azako
2015-10-18 14:39:44
мыкты! бирок клип Юлия Руцкаянын Апак суйуусун туурагандай болуп калыптыр, ага жеткен жок бирок жакшы!
0
Apyyke
2015-11-15 15:49:20
Тембр песни и исполнения очень очень отличная. Идея тоже классная была. Супер Анжелика! Вперед и только вперед!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан