Гүлжигит Калыков Дил билет

Жүктөлгөн: 26-03-2015
02:45
52.28 Мб
Жанр: Поп
Гүлжигит Калыков "Дил билет"

Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет,
Жокчулук кадырын көксөгөн жан билет.
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет,
Жаштыктын кадырын улгайган жан билет.
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет,
Оорунун кадырын боорукер жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Баланын кадырын балага зар билет,
Жарынын кадырын акылман жар билет.
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет,
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
А, бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет.
Комментарийлер (18)
Qnet
2015-03-26 22:45:23
Соооонун ырдаптыр!!!!Азамат!
0
aigulya_9025.mail.ru
2015-03-27 10:34:54
Сонун ырдаптыр мага аябай жактыы талантыныз оркундой берсин
0
Rich_girl
2015-03-27 11:41:03
Ииий, суйом го, суйом!
0
azizka94
2015-03-27 17:00:49
Таланттуу мырза уну да бийик денгээлде бар болуп оркундоп осо берсин мыкты чыгармаларды аткарып
0
Ali94
2015-03-27 17:56:44
Жакшы чыгыптыр
0
Bakenulukbek
2015-03-27 18:20:57
Азамат кичине басым жазап ырдаза болмок жакшы клип Тартса болмок
-1
selfish
2015-03-28 06:12:54
Роза Аманова ырдайт эле го достор! Унутуп калуу мумкун эмес.
0
sabyr86
2015-03-28 22:07:53
Жигиттер жигитке окшош болсо.
0
Dinakg
2015-03-31 14:43:25
Гулжигит азамат,ийгилик каалайм!
0
beauty5
2015-04-01 02:02:52
Молодец!ты супер певец!у тебя есть талант!
0
Kubat_Aiperi
2015-04-10 14:15:13
жакшы жакшы
0
oroz1970
2015-04-12 12:28:37
унуно береке
0
Aisuluu160790
2015-06-03 12:04:11
аябай сонун ыр мага жагат
0
dastan_nookat
2015-08-18 21:49:50
Барыбыз Ата-эненин кадырын билип журолу!
0
mym
2015-11-16 00:11:49
Жакшы ырдайт,,, уну жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан