Өктөм Сапар уулу А мен пенде

Жүктөлгөн: 21-05-2015
03:25
42.59 Мб
Жанр: Поп
Өктөм Сапар уулу "А мен пенде"
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики

Ийинимде артылган, куржун толо ырым бар,
Жүрөгүмдө басылган, сандык толо сырым бар.
Чырмалышкан дүйнөмө, чечилбеген түйүн бар,
Теңеле албай башкага, тебеленген сүйүүм бар.

Кайырма:
А мен пенде шашпаган,
Жараланган, аксаган.
Жараткандан бак тилеп,
Жаман жолго баспаган.
А мен пенде жашыкмын,
Дале болсо ашыкмын,
Аруу сүйгөн жан элем,
Кай жеримден жазыктым.

Арман менен кайгымды, айтып берет кайрыгым,
Андан башка мүмкүн жок, ошол менин байлыгым.
Ыдыраткан жашоомду, ырас ошол түйүн бар,
Ырым муңдуу болсо да, ызаланган сүйүүм бар.
Комментарийлер (45)
Kanata
2015-05-29 23:08:03
клиптин мааниси жаккан жок. Жакшы ыр экен, актерлор жакшы жакшы ойногон.
0
Muzik
2015-05-31 18:38:08
Клип да,ыр да сонун!
0
Эрнест Бөрүбаев
2015-06-01 23:39:16
молодец досум азаматсын
0
Angel92
2015-06-05 01:19:38
Амантур азамат.Бир корсом болот эле сени.Кулкундон сенин.Клиптин коркун сен ачкансын
+1
merinargiz
2015-06-06 15:47:17
Бек байкенини ырларын кайтаргыла
0
kama_future_millioner
2015-07-07 16:59:05
Кыз периште го,сулуу экен!!
0
Kunbeken
2015-07-10 14:47:48
Super! Конун клип болуптур татынакай кыз экен, Амантур красавчик ...
0
sely
2015-07-29 08:24:16
Укмуш, соз жок Тим эле журогун эзилет
-1
keremet06
2015-08-10 17:15:26
Amantur baike soonun oinoptur obrazga kirip)))
+2
miss33
2015-08-22 13:56:09
Азаматсыз. Настоящий талант. Мага жакты.
+1
anya
2015-08-23 04:05:44
Баягы эле актерлор башкалар жокпу ? башкаларга билбейм мага жасалма ойногондой сезилди.
+1
bakaiBBBB
2015-09-15 14:36:21
жаккан жок
0
nurzada78
2015-10-02 11:38:25
Бек Борбиевдин ырын ырдаган адам окунбойт!Ырдын маанисине клип дал келиш учун,суйгон кызы олуп калган эмес,суйгон кызы таштап кеткен,ортодо бироолор кыз жигиттин мамилесин бузган маанини чагылдыруу керек эле!Ырды жазган,аны ырдаган адамдарга 555!
0
kunbolot
2015-10-23 23:38:23
Бир жумадан бери ушул эле ырды угуп жатам!
Мага жакты.
0
Jantaev
2015-10-24 17:53:38
супер ыр музикасы да созу да жакты.клип маанилуу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан