Арсен Энекебай

Жүктөлгөн: 08-06-2015
03:40
62.33 Мб
Жанр: Поп
Арсен "Энекебай"
Сөзү : Өмүркул Кулумбаевдики
Обону : Кубанычбек Осмоновдуку
Энекебай, оо, ыйыгым, ыйыгым,
Энекебай, оо, кутманым, уюгум.
Агып келип тамырыңдан алтымыш,
Алтын өмүр бешигиңе уюдум.

Сен көз жумсаң, унутармын жыл чыдап,
Мен көз жумсам, көз өткөнчө буркурап.
Апакебай, кара чачың куу болуп,
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап.

Энекебай, билем, туям эмгегиң,
Энекебай, өмүр жашың мен жедим.
Кантип мени карыш жолго узатсын,
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгеним.

Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин,
Кирпик какпай канча жолу термедиң.
Татыбайт го минуталык толгооңо,
Менин күн-түн алып келип бергеним.
Комментарийлер (41)
Azim.00kg
2015-06-12 10:18:40
Жарайт мыкты
0
aiym_07
2015-06-12 20:03:30
Супер!!!
0
Chynaitkanova
2015-06-12 23:13:08
Азамат супер ыр, супер клип! Клиптин идеясы Арсендин бала чагынан алынган деп ойлодум, себеби мурда берген маегинде: атасы кичинесинде каза болуп, апасы кетип, чон эне, эжелеринин колунда калганын, кийин оз апасын тапканын айткан эле. Арсен бактылуу бол!
0
Chynaitkanova
2015-06-12 23:14:47
Сен оз ишин мыкты билген, таланттуу ырчысын! Клип жылдын супер клиби болооруна ишенем!
0
Marta
2015-06-12 23:26:59
Эн мыкты, сапаттуу, мааниси терен клип! Арсендин аткаруусу супер! Кайра кайра коруп, Апамды сагынып жашка муунуп олтурам, журокко жеткирген ыр, клип болуптур!
0
joker007
2015-06-13 17:19:10
Жакшы клип болуптур бирок Кыргызстанда мындан башка актриса жокпу эмне ар бир бала ырчынын клибинде эле ушул кыз.Бир эле клип коргондой боло берем ушул кыз бар клиптерди корсом же эмне Шахзодага окшош деп эле тарта бересинерби ?
0
eldar96
2015-06-13 22:59:23
баарынан да кичинекей бала ото сонун аткарыптыр, жаман ширин бала экен
0
Aksy-13
2015-06-15 14:52:53
кичине бала КТРКда алпаруучуго балдар жонундогу беруулорду алыпбарат чыйрак тыккан бала экен келечекте копту умут кылабыз бул баладан!
0
KyrkyzKa
2015-06-18 15:42:20
Молодец Арсен ырдаганы,клип дагы жогорку деңгээлде соонун.
0
SUBA_8493
2015-07-03 23:39:59
Сонун апалар бар болсун.
0
fara2503
2015-07-16 01:55:48
Арсен сага соз жок экен баардык клиптерин сапаттуу жана оргиналдуу ...... Не дейбищ ийгилик ушунунаан талбай иште
0
anya
2015-08-27 15:54:07
Чон апасы апасына ушундай мамиле жасаптырбы ааа ?
0
Karakol-3922
2015-09-01 15:50:46
Соз жок клип жакшы болуптур, бирок келиндин куйоосу олуп калыптыр анан боюнда бар бы же мне кажется
0
brunette
2015-09-02 20:04:52
кичинекей бала мынча ширин ий периштем десе. С0нун клип болуптур. Эне бала эч убакта ажырабасын.
0
Abaika22
2015-11-15 07:42:37
Азамат!!! Клип аябай жакшы болуптур, ырга жана актрисаларга сооз жок, угуп коруп эле отура бергин келет экен))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан