Исирадин Аманбаев Соң-Көл баяны

Жүктөлгөн: 11-06-2015
04:56
109.68 Мб
Исирадин Аманбаев "Соң-Көл баяны"
Сөзү : Э.Мамытовдуку
Обону : И.Аманбаевдики
Кубулуп, нурга бөлөнүп,
Кулпуруп Соң-Көл, көгөрүп.
Түгөнбөс сүйүү кайгысын,
Түбүнө алган чөгөрүп.

Көл үстү муңдуу шыбырап,
Айткандай сырды туюлат.
Арманда ыйлап алыстан,
Ак Мөөрдүн үнү угулат.

Канаты кандан кайрылган,
Кан кусуп, катуу кайгырган...
Элеси келет Болоттун,
Ак Мөөрдөн анда айрылган.

Өксүгөн өмүр сезбеди,
Өткөндү бүгүн эскерип.
Сүрөтүн сактап Ак Мөөрдүн,
Сүйүүгө Соң-Көл эстелик.
Комментарийлер (1)
karona
2015-06-20 05:39:22
Ильязда жакшы ырдаган бул ырды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан