Автандил Кара жаным

Жүктөлгөн: 06-07-2015
03:53
53.61 Мб
Жанр: Поп
Автандил "Кара жаным"
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Автандилдики
Ашыгым, айтар сөзүм сага деген,
Ажарыңды айга теңеп келемин мен.
Жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү сага арнасам,
Ак сүйүүмө ишенбейсиң эмнеге сен?

Кайырма:
Кара жаным, кара жаным,
Кайдигер мени карабагын.
Кайда барсаң, кайда жүрсөң,
Карааныңа зарыгамын.
Кара жаным, кара жаным,
Кайда барсаң жаныңдамын,
Капысынан алыстасаң,
Кайкып учуп мен барамын.

Башкага ыраа көрбөйм сени, жаным,
Канчалардан өзүң мага буйругансың.
Айтып бүтпөс махабатым сага арнасам,
Аппак сүйүүм сендик гана, арзыганым.

Кайырма:
Кара жаным, кара жаным,
Кайдигер мени карабагын.
Кайда барсаң, кайда жүрсөң,
Карааныңа зарыгамын.
Кара жаным, кара жаным,
Кайда барсаң жаныңдамын,
Капысынан алыстасаң,
Кайкып учуп мен барамын.
Комментарийлер (40)
beben
2015-07-17 19:39:50
Ырларын угам жакшы клипда жакшы чындыгында эле качан тушуп кетет экенмин деп ырдаганго
+1
mersedes2013
2015-07-30 21:43:29
Менин жакшы коргон ырчым,аябай баалайм.Клип табышмактуу сонун тартылыптыр,ырга соз жок ,эн сонун.Азаматсын!Ийгилик!
-1
CHINKA
2015-08-18 23:14:09
кантип чыкты екен а суунун ортосуна
0
Aikyn93
2015-09-10 18:36:20
илгерки окуя кылып тартыптырсын тартканга жараша норма тартта жанагы москвичтин мандайкы айнегиндеги HONDA нын наклейкасын алып койсон болмок илгери каяктагы HONDA уят !!!
0
aiposha
2015-09-28 11:38:02
азаматсыз ийгилик!
+1
nurzada78
2015-10-02 11:50:46
+5 жакшы!
+1
sman
2015-10-02 23:26:48
Абдан жакшы болуптур, ийгилик
+1
Guljamal_2116
2015-10-05 14:09:43
Жакшы.
0
aiposha
2015-10-07 14:10:29
менин суйуктуу ырчым
0
admin_media
2015-10-07 15:50:24
sniperkg,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
azik.kdm
2015-10-16 01:39:58
уккудай эле
0
eldar96.
2015-10-24 13:03:06
Азыркы жаш ырчылардын арасында, талыкпай эмгек кылып, санга эмес, 100 % сапатга конул бурган ырчылардын сап башында ушул ырчы турат деп айта алам. Дайыма кызыктуу кылып, ыры менен клиби бири бирин сонун кылып толуктап турат.
0
ABU
2015-11-06 15:22:26
Yr jakwy eken klip dele jakwy ozgocho birok yr menen bailanywy jok eken.
0
dav312
2015-11-20 00:31:32
Бул бала ырчы болбой эле башка жол мн журсо деген сунуш айтар элем ырдын мааниси жок клип ото эле сапатсыз тартылган андагы каарман кыздын энеси кыска койнок кийип бийик такалуу бут кийим кийип алыптыр бул клип азыркы учурбу десем илгерки учурду тарткан экен качан кордунор эле бийик така кийип кыска койнок кийгендерди
0
saza20
2018-10-05 13:44:58
dav312, кечирип койгула именно илгери кыска кийишчу. СССР деген мезгилди билесинби
0
azim2
2015-11-22 20:34:59
Абдан жакшы клип болуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан