Кубаныч Сатаев Келбейлиби бир басып

Жүктөлгөн: 14-07-2015
03:24
41.99 Мб
Жанр: Поп
Кубаныч Сатаев "Келбейлиби бир басып"
Сөзү : Исирадин Аманбаевдики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап,
Назик желге жазгы жамгыр тыбырап.
Махабаттын өлбөс күүсүн терметип,
Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат.

Кайырма:
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Келбейлиби бак аралап бир басып,
Көңүлдөгү айтылбаган сырларды,
Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып.
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып.
Жымыңдашкан жылдыздардын алдында,
Кол кармашып сүйүү ырын,
Кол кармашып жаштык ырын,
Шаттык ырын ырдашып.

Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап,
Ай баратат сүйүү ырына ыр улап.
Ээнсиреген бак дарактар арасы,
Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.

Кайырма:
Комментарийлер (27)
Jiza
2015-07-15 17:05:33
Эн сонун клип болуптур! Азыр бул ыр хит болуп атат.Байке сизге ийгилик! Менин суйуктуу актерум Амантурду тартыпсыздар гоо, суйом да суйоооом!!! Амантур менен маек уюштургулачы суйлошкон кызы барбы жокпу?
0
kuba1
2015-07-15 20:12:51
Ей кыздар ей кыздар ей кыздар келбейлиби бак аралап бир басып жакшы +5
+1
papanstan
2015-07-15 22:40:27
Амантууур аябай сулуу жигит да! Суйуп калгам го!
0
anyw
2015-07-17 21:27:28
Чыгармачылык ийгилик эн сонун ыр сонун клип.
0
Adiee
2015-07-22 00:15:35
Клип вапше сонун болуптур
0
7777da
2015-07-29 20:37:40
Молодец братан игилик
0
mersedes2013
2015-07-30 21:16:56
Аябай соонун ыр да клип дагы.Кыргызымдын сулуу кыз жигиттерине эмне жетсин!
0
Holerik10
2015-08-26 22:14:36
Балдар хахаго))))
0
Guzi88
2015-10-18 09:52:45
Сонун клип бирок кыздын оозу мынча чон
0
Adilet2014
2016-03-10 04:26:50
Акыркы кундору ушундай ырларды жакшы угуп жатам,, армандуу ырлардан эмнегедир жадагансыйм
0
mechta2016
2016-04-16 10:55:47
ээн соонун,Куба байкенин чыгармаларын жан дилим менен угам
0
Aytur
2016-04-24 23:33:22
Сонун ыр!
0
Jeki
2016-06-08 09:24:00
оо бул ыр аябай жагат, клип да сонун болуптур, ийгилик, ийгилииик!
0
Jeki
2016-06-08 09:24:44
Амантурдун жанына тиги эн жш кызды койсо болмок, режиссер адашыптыр..Амантур сен озун деле карап айтсан болмок :)
+1
Jiza
2016-06-08 16:05:58
Амантурдан качан интервью аласыздар?Кубаныч байкенин жана Амантурдун чыгармачылыгын аябай баалайм.
0
admin_media
2016-06-08 16:27:12
Jiza,
Саламатсызбы!
Шилтеме менен өтүңүз: www.super.kg/media/stv/134169/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан