Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо
Жайжайына койсочу.
Чөп куурабас болсочу,
Көл тунарбас болсочу.
Кызыл өңдөн нур кетип,
Кыз кубарбас болсочу.
Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу.
Жигит менен кыз өлсө,
Жерге көмбөс болсочу.
Кайран өмүр жыйырма беш,
Жашка барар болсочу.
Кайран жашты кол менен,
Жасап алар болсочу.
Комментарийлер (48)
gukush00
2015-07-29 12:14:13
Ий ай сонун экен жакть
+2
Sultanim
2015-07-29 12:47:29
Менин оюм;бийи жакты.музыканын ритмине айкалган.сапаттуу клип.бары сонун бир гана сол жактын аягында бийлеген кыз эле корунбойт анан дагы татуну бир гана Жийдешке эле жараштыра алдым.балким чачы жазылгандыктан жакшы жарашкан.рахмат атак жагымдуу маанай тартуулаганынарга.)
0
dastan_nookat
2015-07-30 16:40:26
Super super super super
+1
nurbek_joldosh
2015-08-12 18:31:11
жерге комбосо анан эмне кылсын???
0
Nur0701
2015-08-17 01:16:53
Соонун ырдаганго азамат
+2
solnishka
2015-08-18 22:14:28
Жийдеш эжем орусгооой акцентбаргоо
-1
dav312
2015-10-11 00:49:59
Бул Жийдеш айымдын уну кана эмес келбети да бул клиптин коркун ачып турат бирок клип ырга топ келбей калган жийде айым кичине клиптин мазмунуна конул бурса болмок
+1
anya
2015-10-16 14:51:15
Ушул клипке жаны ыр чыгарса супер ХИТ болмок да.
0
dastan_nookat
2015-11-03 12:42:10
Muktu klip desh kerek!
+3
dav312
2015-11-05 22:28:40
Бул Жийдеш айымга озунун сулуулугуна уну да туура келген мыкты ырчы келечекте копту умутондуро турган инсан катары коро алам клипте да ырда да соз жок
+3
anya
2015-11-12 14:13:33
Ушул клипке башка жаны ыр жазса накта ХИТ болмок да.
0
zalinAA
2015-11-24 01:50:41
Клип мыкты! Жийдештин озгочо стили бар,башкалардан айырмаланып эптемей ыр, клип деген жок.
Азамат
+3
RAY
2015-11-24 16:55:15
zalinAA,
+1000
+1
Lyubimka
2015-12-01 14:29:02
Бали! мыкты клип..уну да, келбети да, кийген кийими да,кыймылы да...баары топ келишкен...болгону бир "замечание"..кыргыз кызы болгондон кийин, кыргыз ырын ырдап аткандан кийин, кыска ак рубашка кийип тартынбай эле койсо бздин кыргыз кыздыры..ошол жери гана..а так Бали!
0
dastan_nookat
2015-12-17 21:39:56
Ушул клип Супер Хит! Сынагында сыйлуу тизмеге кошулса болмок элдер да ушуга начар дегенди басты эмнеси жаман тушунбойсун.билип койгула мен тууганы эмесмин
+1
Asem89
2017-03-02 00:22:04
Уну жакшы, бирок клип ото эле заманбапташтырылып, анда ашыкча нерселер коп колдонулуптур (максатсыз).Мисалы, чекесиндеги, билегиндеги суроттор, чекесине тагылган нерсе (кыргыздар минтип такпаса керек), менимче, ото орунсуз. Тагынчактары да коп. Бул ырга бийдин деле кереги жок го... Кыскасы, ат жетелеген жеринен башкасы жаккан жок.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.