Кыргызстан - улуу тоолуу жердин бермети,
Ата-баба бизге калтырган.
Кыргызстан - тоо булагы толкуп-ташыган,
Ак калпактуу элдин мекени.
Көркөмү жанган кымбат мекеним,
Сен үчүн каным, жаным беремин.
Мейкинде сызган шумкарың сымал,
Уча бер алга!
Кайырма:
Кыргызстаным, өнүгүп-өскүн,
Кыргызстаным, баа жеткис көркүң.
Кыргызстаным, Кыргызстаным,
Байрагың көктөн түшпөсүн дайым.
Кыргызстаным - кыйбас турагым,
Кылымга жетсин атагың, даңкың.
Кыргызстаным - алтын бешигим,
Өркүндөп-өсүп, алгалай бергин!
Киндик каным Ала-Тоомо сиңип торолгом,
Мекен үчүн жаным да курман.
Ала-Тоого ар бир келер ымыркай үчүн,
Кыргызстанды сактайлы бүтүн.
Кыргызстаным - менин мекеним,
Кыргызстаным - сенин мекениң.
Көз жоосун алган Ата Мекенди коргойлу бирге!
Кайырма:
Комментарийлер (30)
almaz90
2015-08-14 22:13:13
Клипти коруп эле байкап койдум, интернетте жургон видеороликтерден кошуп койгон экен. Кантседа азамат баардык ырчылардай болуп мекенге ыр жараткан.
+1
joker007
2015-08-14 23:38:20
Молодец сонун ыр сонун клип болуптур!Патриоттук сезимдерди аз да болсо ойготуп алдык окшойт,чыгармачылык ийгилик!
0
aikol87
2015-08-15 00:30:46
Азаматсын сонун болуптур чыгармачылык ийгилик.
0
nurgultoktogul
2015-08-15 02:53:29
Бут баарын интернеттен эле алыптыр! Уят! клип десе кантип ишенебиз! Жердеш сага не болду деги озундон кетип! Кумар Асановдун ырынан алып чаптаптыр да иши кылса! Баш жагын угуп Кумардын ырын жанылаган экен десе. Жердеш сынды туз кабыл алсан онолосун, бой которбой!
+2
Decmond
2015-08-15 03:05:24
Красавчик!!!
0
MIRAN
2015-08-15 12:12:20
Башында ааа деген жерин алып койгондо да сонун болмок.
0
ailam14
2015-08-15 18:45:28
Соонун болуптур азаматсын
0
Elusha88
2015-08-16 03:04:04
Уну тунук жакшы.Ийгилик.
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-08-16 14:02:04
Жакшы ыр экен.. Мага ыры жакты. Кайра кайра угуп жатам..
Болгону клип жакшы эмес.. Жакшы эмес дегеним.. Жоодарбешим бир эле жерде туруп төшүн какылап кыйкыра бериптир.. Ал эми клиптеги видеолорду Интернеттен чогулткан өндөнөт.. Негизи эле акчасына жараша клип болгон деп бааладым...дагы дагы изденсе болмок.. Тоолорго чыгып ырдап дегендей..
+1
aravan
2015-08-17 12:30:00
жакшы чыгыптыр онорунуз оркундой берсин жоодарбешим
0
Geroy
2015-08-17 14:43:56
Ушул жигиттин уну, озгочо. Дайым, ырларынды угуп, телефонума жуктоп алам. Жоодарбешим сага чыгармачылык эргуу каалайм. Сураныч, супер Жоодардан интервью алсанар гоо.
+1
admin_media
2015-08-17 15:58:33
Geroy,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коебуз, рахмат!
0
solnishka
2015-08-18 22:09:06
Крсавчик
0
deva
2015-08-21 14:39:38
үнү анча жарашпай калыптыр, мурдунан ырдагандай болуп
0
Ainagula
2015-10-13 17:46:41
Вайй потриоттуу ыр гоо. өркүнүн өсө берсин Жоодар.
0
dastan_nookat
2015-10-29 18:52:05
Кыргызстандын мыкты жерлери тартылыптыр!!!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.