Гүлнара Калдарова Күткүм келет

Жүктөлгөн: 14-08-2015
03:12
48.34 Мб
Жанр: Поп
Гүлнара Калдарова "Күткүм келет"
Өзүңдү өмүр бою күткүм келет,
Ыр болуп жан дүйнөмө бүткүм келет.
Жашоодо жарык күнүм бардыгына,
Кубанып бул дүйнөдөн өткүм келет.

Багдырап сен тарапка баргым келет.
Багынтып жүрөгүңдү алгым келет.
Айтпаган эч бир жанга сырларымды,
Ардагым жалгыз сага ачкым келет.

Бакытка өзүң менен толгум келет,
Куш болуп гүл багыңа конгум келет
Ыр болуп, күүгө салып жүрөк кылын,
Түбөлүк өзүң менен болгум келет.
Түбөлүк өзүң менен калгым келет.
Комментарийлер (26)
kymaw
2015-08-16 01:29:30
Сонун.чыгармачылык ийгилик эжеке
+1
Elusha88
2015-08-16 03:00:41
Эжекебиз дале жаш бойдон.Клип маанайды которотго, жаратылыштын кооздугуна соз жок!+55555 Сагындырбай бат-баттан чыгып турунуз.
0
jazgul80
2015-08-16 07:20:26
Эжебиз жаш бойдон. таланттуу ырчы экени билинип клип бут жагынан ырдан созунон музыка баардык жагы беш. Азаматсыз. Уй булоолук бакыт. Коптогон чыгармачылык ийгилик каалаймын эже сизге. Бекем ден соолук.
0
KYRGYZJERI
2015-08-16 07:34:38
Гулнара эженин коздорунон жарык чачырап туратко.
Бул эжелердин жылдызы эч качан очпойт, толук ишенем.
0
anar-87
2015-08-16 11:21:14
Ыр жакты .мага баардык ырлары уну менен жагат, ийгилик
0
domi
2015-08-16 15:27:45
Клип суупер. Карета да соонун экен. Гулнара жашарып сонун болуп кетиптир. Чыгармачылык ийгилик сизге. Клипти кайра кайра корсом да тойбой жатам. Аябай соонун тартылыптыр. 55555 соз жок
0
Erniet
2015-08-17 04:31:47
Гулнара эже сиздин чыгармачылыгынызды терең сыйлайм. Бул ырыңызды мурдатан суйуп укчумун клиби да аябай жакты. " Сындырбачы назарымды" деген ырынызды кайрадан сонун аранжировка менен жаздырып ырдап чыкпайсызбы сизден сураныч
0
karona
2015-08-18 18:14:08
Апеей, иштен чарчап, курсагы ачып келсе тамак жок эле фрукты менен тосуп алабы? Шору бар бироо экен да. А так Гульнара эжебизге соз жок! Ар дайым жадырап жайнап талантынызды элге тартуулап журо бериниз!
0
suyom_seni
2015-10-04 12:16:43
karona,УУФФФ эми силерге тамактарынан бери чай майы бааарын корсотуш кекепи!! Кино эмес клип бул!!!
0
Bella1
2015-08-18 22:39:29
Ыр соонун клип бир аз жакшы эмес.Бир эле нерсе кайталанып кызыксызыраак бүтүп калган.
0
CHINKA
2015-08-18 22:43:28
аябай жакты сиезд акеге ийгилик клипти тарткан
0
brunette
2015-08-25 20:48:56
Соонун
0
munar.toktoshov
2015-08-30 13:43:13
Мага жакты ийгилик эжеке сизге!
0
abdykadyrova
2015-09-02 09:43:59
Сонун клип! Гулнара Эже талантынызга таазим.
0
saparali96
2015-09-28 21:53:56
Мастер класс жаратканго эжекем
0
suyom_seni
2015-10-04 12:17:10
Соооооооонун баары!!))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан