Нурлан Насип, Бегиш Ысык-Көлүм

Жүктөлгөн: 25-08-2015
03:23
35.53 Мб
Жанр: Поп
Нурлан Насип , Бегиш "Ысык-Көлүм"
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаев, Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону : Нурлан Насиптики
Бүтпөйт го эч качан иш деген,
Жүргүлө көлүмө биз менен.
Эс алуу жээгинде эң сонун,
Эңсөөнү табасың издеген.
Толкуну Ысык-Көлүмдүн,
Толкутуп турат өмүрдү,
Ыр-бийге толуп шаңданып,
Ар бир күн өтөт көңүлдүү.

Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Кучагын жайып чакырат, го.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жээгине баарын батырат, го.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жүрөккө сүйүү толтур да,
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жаныма кубат толкундар.

Ач чардак көл үстүн айланып,
Ажары күү болуп чертилер.
Ак кеме үн салып айдалып,
Азгырат чиркин, сымбаттуу селкилер.
Кыз-жигиттер жээктеги.
Кыналып бүтпөйт кептери,
Ырахат менен куурчалган,
Ысык-Көлүмдүн кечтери.

Кайырма:

Аба ырайы күн ысык кезде,
Керектүү буюмдарды тезден,
Чогултам мен, чогултат досторум.
Баарыбыз көл жээгинде бирге таңды тоскону,
Нурлар менен кубат алып, позитивди кошкону.
Баратам Ысык-Көл, керемети Салкын-Төр,
Калды саналуу мүнөттөр,
Сүйүнүч бардай жүрөктө,
Өтүп нечен чакырым, жай, ылдам, акырын.
Кирип келдик Ысык-Көлгө,
Жанымда бар жакыным.
Ысык-Көл керемети, кыргызымдын бермети.

Байлыгым Ысык-Көл,
Балуу, сыймыгым Ысык-Көл.
Келер дарегим Ысык-Көл,
Көрөр карегим Ысык-Көл.
Комментарийлер (42)
adina_love
2015-08-29 01:30:07
Нурлан , Бегиш соонун ырдапсынар... Кравчики
0
AFRODITA-89
2015-08-30 23:54:39
интересный клип болуптур Колго баргынды келтиретго чиркин! Коптон бери бара элекмин, клип болсо ыры да сонун тартылган уксан болчудай экен, Нурланды озу обожаюда лапочка прям
0
BeStOne
2015-09-12 21:58:34
Ысык Кол эмес Ысы Кол деп атат го
0
burulu
2015-09-20 22:09:56
качан жаңы ыр чыгарасыз нурланчик
0
Maksutov.95
2015-09-28 16:07:16
Соонун ыр
0
osor
2015-09-28 16:28:06
Качан жаны ырларынызды угабыз Нурлан байке
0
rasan
2015-10-04 17:07:35
биздин айылдан тартылган турбайбы молодец
0
TAYiRbEK_kGZ
2015-10-09 08:45:00
Азаматсыздар братандар ушул убакытка чейин Бегиш байкени ырдаганы мага жакпайт эле бирок бул ырда соонун ырдаптыр, Нурлан байке негизиле зынк ырдайт, клип суппер ийгилик!
+1
dastan_nookat
2015-10-27 21:21:58
Ысык-Кол керемет жер!!!
0
gulu86
2015-10-29 20:04:16
агатай сизге ийгилик
0
power444
2015-11-15 11:41:30
jakshy klip eken yssyk kol kyrgyzstandyn bermeti da
0
power444
2015-11-15 11:47:31
Admin kechee jakynda ele yrdap chykkan yrchylardyn yrlaryn baaryn juktopsuzdor al emi Syimyk Beishekeev. Bek Borbiev. Kanikei Eralieva. Aibek Kasymovgo okshogon jyldyzdardyn yrlary jokko ese bar bolso da az ushulardyn yrlarynan koburook juktosonuzdor
0
admin_media
2015-11-16 12:08:18
power444,
Саламатсызбы! Бул аткаруучулардын өз суранычтары менен порталдан ырлары алынган.
0
LadyD
2015-11-18 02:19:18
ыр жагат, бирок клипте кечкеле ысып тердей бергени жаккан жок... анан да айланайын Нурлан майкачан, дэги эле устундо футболкасы жок чыкпаганга аракет кылчы, ото эле арык экенсин, жарашпай калат экен... пиджак кийип жургонун он...
0
Nurzat1
2015-11-24 14:54:24
НУЛАН байке жазбайсызбы ырларды
0
admin_media
2015-11-24 15:21:08
Nurzat1,
Эскертүү! Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан