Мирбек Атабеков Унута албайм

Жүктөлгөн: 26-08-2015
04:23
43.67 Мб
Жанр: Поп
Мирбек Атабеков "Унута албайм"
Сөзү : Гүлсара Момунованыкы
Обону : Мирбек Атабековдуку
Атыңды угуп калсам капыстан,
Алоолоп күйүп-жанам унчукпастан.
Унут деп өзүмдү өзүм алдасам да,
Ичимен берилип улутунам.

Көрө албаска, ал сөздөргө азгырылып,
Мен жүрөм жообун таппай жазыгымдын.
Таң калам жоругуна ашыгымдын,
Ишенип, ишене албай...

Кайырма:
Азыр деле жашайсың,
Жүрөгүмдөн өчүрө албайм.
Ак сүйүүмдү башка жанга,
Көчүрө албайм, унута албайм,
Баары бир сени...

Күч барбы тыйып коёр сүйгөн жанды?
Сен мага ишенбедиң, айла барбы...
Канчалык мен өзүмдү өзүм сооротсом да,
Жүрөктүн буйругуна арга барбы?

Таттуу тилек, максаттар кайда калды?
Кол жеткис көк мелжиген жайда калды.
Курманы болбойлу айың кептин,
Өчпөгөн үмүт калды...
Комментарийлер (35)
zinaniz
2015-08-28 00:39:50
Жакпады мага.
0
AJow
2015-08-28 10:11:03
Бул эжем менин козумо аябай жылуу учурап жатат...супер инфо актриса жонундо маалымат болсо берип койгулачы..)
0
munara.11.
2015-08-28 14:09:02
жакпады.кыз ХХХХ образын жараткандай туюлду
0
admin_media
2015-08-28 15:16:17
munara.11., мазактоодон алыс болуңуз!
0
Bojan
2015-08-28 15:47:34
Урматтуу админ!ашыктыктын ак жолунда адашууга жол издейсин ушул ырды издеп атам жардам бергилечи? ??
0
admin_superstan
2015-08-28 16:03:53
Bojan, саламатсызбы!
Султан Садыралиев "Таарынба":
http://www.super.kg/media/audio/87371/
0
Bojan
2015-08-28 16:54:33
Рахмат
0
adiletik
2015-08-29 16:52:06
Атабеков тиги кыздын колун кармалап жибериптирго
0
Real_Madrid95
2015-08-29 17:22:05
Клип жакшы болуптур, бирок бул клипте Москва корунбойтко?
0
Oceana
2015-09-10 18:01:09
Эң сонун.
0
EKUW
2015-09-10 19:28:10
Мирбек молодец! Бирок бул клипиниз мен куткон умутту актабады.Ыр сонун
0
RASTAMAN
2015-09-14 17:48:29
Kliptin maanisi eeri mn aialy( siyuwkondor) uruwsa ortogo tuwpo degendi bilgizetken
0
uda4nik
2016-01-08 17:56:45
Э болбойтболбойт.
0
adidas
2016-01-22 01:10:19
jamen emes sonun
0
RingoStarr
2016-01-25 16:32:17
Мирба как всегда на высоте
0
Baymat
2016-02-10 16:58:50
Мыкты ыр экен жакты таланты ташкындай берсин
0
marty77
2016-02-24 10:53:53
Клип такыр жаккан жок.Москвага барып ошончо каражат короткондон кийин кичине єзгєчєрєєк тартса болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан