Айнура Салахидинова Балама

Жүктөлгөн: 04-09-2015
03:00
36.75 Мб
Жанр: Поп
Айнура Салахидинова "Балама"
Сөзү : Ж. Турсунбаевдики
Обону : Р. Нарынбаевдики
Кел балам, тай-тай, басасың жай-жай,
Адамды тартып өзүңө.
Кумарым канбай, жытың бир балдай,
Ырахат алам өзүмө.

Кайырма:
Күлгөнүң жоюп сезим капасын,
Канатың жайып өсүп жатасың.
Эр жигит болуп, балам чоңойгун,
Элиңдин алып ыйык батасын.

Ай сымал жаркын, күн сымал жаркын,
Жылдыздай жанган жүзүңдөн.
Боорума кысып, жүрөгүм ысып,
Жашоонун баркын түшүндүм.

Кайырма:

Душмандан качпай, мекенди сактай,
Намысын корго жериңдин.
Калкыңа күйүп, кыргызды сүйүп,
Сыймыгы болгун элиңдин.
Комментарийлер (16)
deva
2015-09-04 17:59:22
Көңүлсүз ырдагандай сезилди. Обону да анча эмес экен. Мага Айжамал Кабылованын "Жыпарым", Гүлнара Кахарованын "Балама", Самара Каримованын бала тууралуу ыры аябай жагат.
-1
aiperishka87
2015-09-04 18:27:04
Анча жакпады
0
Mikella
2015-09-04 20:48:04
койногу соонун экен
+1
zinaniz
2015-09-04 20:58:04
Абдан сонун ыр экен.Чыгармачылык ийгилиликтерди каалайм А.Салахидиновага.
+1
Erkatay1108
2015-09-04 21:50:51
биздин заман ушул заман ырдагыла жаштар ай деген ырды таап берестерби
0
NuraiNurdinova
2015-09-05 01:54:06
Ууууууааауууу соонун клип болуптур
чыгармачылык ийгилик Аллахым озу колдоп журсун балдарыныз менен аман болунуз.
балдарынызга бактылуу балалык каалайм коз тийбесин тфу тфу
Я вас люблю и уважаю
0
joker007
2015-09-05 01:55:23
Эч кандай озгоруу деле жок,жон эле ыр окугандай эле ырдай берет ушул кыз обондору начар эле,клипте деле жанылануу жок...
-1
sardar1
2015-09-05 02:12:05
Айнура эжекебиз абдан жагат, жакшына болуп калыптыр. Прическа ушундай жакшы жарашат турбайбы. Ырга соз жок соонун, коро албагандар жаза берсин. А сиз только вперед! 55555555
+1
sardar1
2015-09-05 02:13:32
Уккулуктуу ырдайсыз эжеке, сизге ийгилик!
+1
4aidai
2015-09-05 09:12:12
Мыкты обон, жакшы клип болуптур. Айнура Салахидинова алга! Чыгармачылыгынызды сыйлайм, жонокойсуз, сулуусуз. Менин да баламды ушинтип клипке тарткылачы. Эне болуу кандай бактылуулуук, уч баланын энесине мындан ары да ийгиликтерди каалайм! Ммммуууаааххх!
+1
4aidai
2015-09-05 09:13:33
Мага жакты...
+1
jazgul80
2015-09-05 15:36:03
Аябай сонун уну да обону да сонун клип да сонун болуптур. Жонокой Айнура Алгаааа. Ийгилик уй булоолук бакыт. Бар бол биз дагы жаны ыр клиптерди кутобуз.
0
aikol87
2015-09-05 20:18:12
Кичине арыктабасан болбойт Айнура.ото толуп кетипсин.ырга келсек суппер.ото сыйлайм.
+1
dina_nina
2015-09-06 01:13:02
Айнура мага олло жагат. Супсулуу болуп жашарып кетипсин. Койногун_ „ озунду алып жургонун жагат мага. Клип супер. Ыр да жакшы. Дагы эмне айтам. Эки уулундун жыргалына болонуп журо бер. Эми кыз тороп сл. Аялдын бактысы ошо. Бой десе бой.ун десе ун бар. Элдин батасын алып журо бер кучугум. Ийгилик!
0
88inara88
2015-09-08 03:42:33
Шипширин балдарго омурун берсин,Айнурка ар дайым ийгилик,сулуу болуп кетипсиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан