Жоодарбешим Балапан

Жүктөлгөн: 04-09-2015
03:31
37.6 Мб
Жанр: Поп
Жоодарбешим "Балапан"
Сөзү : Адахан Мадумаровдуку
Обону : Жоодарбешимдики
Балапан, ыйлабачы заманыңа,
Бүгүн да түшпөсө эт казаныңа.
Сен эмес, ата-энеңдин башы катты,
Боору жок бул турмуштун азабына.

Кайырма:
Ыйлаба, айланайын, жаш канатым,
Көптөгөн азап чеккен кыргыз атың.
Түшүнөм, айткан менен жеңил болбос,
Колуңда турбаган соң майлуу наның.

Күлбөсөң, көңүлүңдү көтөрбөсөң,
Кубанып өз үйүңдө төрөлбөсөң.
Кантип мен айта аламын кыргызсың деп,
Кыргыздын жеринде да көгөрбөсөң.

Кайырма:

Балапан, аман болуп, эр жеткенде,
Бактыңды таба албастан өз жергеңде.
Бабалар ушул күнгө калтырды деп,
Боз үйдө калбагайсың биз кеткенде.

Кайырма:
Комментарийлер (67)
hadije01
2015-09-08 16:53:22
Аябай сонун клип болуптур !!! Клиптеги каарман суйкумдуу бала экен ))
+9
Zubi91
2015-09-09 11:20:46
Кичине бала ото жеткиликтуу ойноптур онорун осо берсин.

+8
Diana87
2015-09-09 14:12:49
Биз Орусияда жыргап жургонубуз жок. Балдарыбызды, айылга ата-энебизге таштап, турмуштун кыйынчылыган иштеп журобуз. Жоодар жигиттин клибин коруп, алып комнатадагылар баарыбыз бир ыйлап алдык. Жакында болуучу шайлоонун катышуучусу Адахан Кимсанбаевич, мигранттарга конул болуунузду суранабыз.
+8
Мэри
2015-09-09 18:07:18
Адахан Мадумаров саясатчыдан мурун чыгаан журналист болчу,т.а. тележурналист. Эстей албай жатам аталышын, сонун алып барчу. Мен аны саясатчы эмес, чыгармачыл адам катары (тилинен чаң чыккан, чечен)тааныйм. А журналист, чыгармачыл адамдардын (деги эле кыргыз баласы ырга шыктуу келет да) көбү ыр жаза алышат. Андыктан анын ыр жазганы кадимки нерсе деп ойлойм.
Клип таасирдүү, бирок обон жакшы эмес...
+9
Oceana
2015-09-11 12:28:15
Адахан Мадумаровта ыр жазат экенда. Ыр сонун сөз.жок!
+9
May
2015-09-11 17:14:05
Азыркы ырчылар женил-желпи ырларды ардашпай, Мадумаров сыяктуу улуу муундан улгу алышып, элге пайдалуу ырчарды ырдашса соонун болмок. Жоодар сен азаматсын.
+7
Tursunai23
2015-09-14 09:58:59
Адамды ыйлатчу, терең ойго салчу клип болуптур. Мыкты, тассирдүү клип! Чыгармачыл топко алкыш!
+7
Jazgulya22
2015-09-14 18:41:34
Вот это чыныгы жашоо! Жоодарчик , молочик. Клип просто офигенно вышел))))
+6
Milash01
2015-09-14 18:45:00
Быйылкы жылдын супер клибине татыктуу клип болуптур. Жоодар азаматсын, мага ото жакты бул ырын.
+5
Maxa-95
2015-09-23 12:46:51
Бугунку кундогу эн койгойлуу маселени чагылдырган клип экен.
+2
Salamatka96
2015-10-13 17:44:40
Кино көргөндөй болдум гоо. Жалаң сүйүү жөнүндо ырдап жургөн Жоодарчик, бүгүнкү турмушту чагылдырган ыр аткарат гоо. Бала катуу кеткен экен. Эмне дейбиз, молодец.
0
ilyazkg-2015
2015-12-01 13:32:48
Просто эн соонун азыркы жашоонун чагылышы ийгилик Жоодар брат Балапан гада ийгилик максатына жет Адахан байке приздент болотурган киши !!!!клип ыр соз обонго соз жок!!!!
0
aiza.kyrgyzkyz
2016-06-16 01:24:29
Баламды эстеп журогум сыгылып ыйлап да алдым, ыйлабаааа балам жакында барам. Адахан Мадумаров жердешиме коптон коп ыраазычылыгымды билдирип кетем. Рахмат сизге уккулуктуу кылып журок тупкуруно жеткире жазыпсыз.
0
mi2000
2016-08-26 20:11:54
Аябай таасирдуу ыр екен. Чон адамдарды да ыйлатты.
0
BarsBaatyr
2017-06-09 06:22:09
Балапан, аман болуп, эр жеткенде,
Бактыңды таба албастан өз жергеңде.
Бабалар ушул күнгө калтырды деп,
Боз үйдө калбагайсың биз кеткенде.
Маанисин карагылачы.Жүрөкө тик сайылчу сөздөр.Мындай сөздөр жөн адамдын көкүрөгүнөн чыкпайт.Элим,жерим деп,эртенки келечеке кайдыгер карабаган инсандын көкүрөгүнөн чыгат мындай с&
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан