Мирбек Атабеков Мөлмөлүм

Жүктөлгөн: 07-09-2015
03:06
30.92 Мб
Жанр: Поп
Мирбек Атабеков "Мөлмөлүм"
Сөзү : Барпы Алыкуловдуку
Обону : Барпы Алыкуловдуку
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм.
Бир карасаң жүрөккө от
чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң
жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын
тилегиндей, Мөлмөлүм.

Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
какшып жаткан чөлдөрүн.

Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү
"Мөлмөлүм!" деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыга албай жатып ошондо,
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.

Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
Комментарийлер (68)
Milash01
2015-09-16 15:35:48
Мирбектин уну жана аранжировка мыкты болуптур. Бирок, Мирбек Иманбековдун ырдаганы чынында жетпептир.
0
adiletik
2015-09-19 09:12:50
Ушул кыз учун жазылган ырдай. Сулуулугу менен кылыгы адамды арбайтго чиркин.
+1
oimo_kg
2015-09-21 12:55:07
Нооруз Алымбаевдин кок жотол деген клибине окшоп калыптыр.
-1
tavanova.sarah
2015-09-22 04:24:50
Биринчи жолу радиодон укканда "не балке? Клубныйго? Ырды жайына эле койбоптур" деген элем. Азыр коруп отурамын. Чындыгы аявай жакты! Атабековтун эч кайсы ыры мынчалык жаккан эмес эле)) клубный вариант та соонун чыгыптыр)) Баса Атабеков сулуу б.п калыптырго? Же мага ошондой корундубу?иши кылса лично мага жакты!
+1
MMA_1
2015-09-24 16:26:33
"Москванын ун жазуучу компаниялары менен иштешкени жатам эми ырларыбыз мындан да уккулуктуу болот" деп интервью берген эле. Создорун актаптыр ыр, клипке соз жок!!!
+1
Guljar
2015-09-25 02:51:40
Азыркы статистика боюнча Мирбек Атабеков эн маанилуу жана жагымдуу ырлардын алдынкы ырчысы.Эл Мирбек Атабековту 87% угуп жатат.Аябай соонун ырдаган,азыркы замандын ыры .Келечеги бар .
+1
jypar.i
2015-09-28 23:05:55
Guljar,туура айтасың,мисалы мен Нурлан Насиптин ырларын бир жолу уксам,Мирбектин аткаруусундагы ырларды бир нече ирет уккум келет, абдан талантту, жөнөкөй жигит, азаматсың Мирбек, сага көп-көп ырларды аткарып угуучуларыңарды кубантып жүрө бер демекмин,ийгилик каалайм.Бактылуу бол алганың менен
0
Afina
2015-10-03 19:53:11
ээ кокуй бул ырды КЛУБНЯК кылып алган го....
-1
LadyD
2015-11-18 02:15:27
клибиндеги кыздын прическасы озгорулуп соткасын ала калып селфи жазап ийеби деп куттум :-) соц рекламаны коргондор тушунот го...
0
tolik
2015-12-09 19:17:44
эх кандай сонун ыр эле. Бирок ушул ырды Иманбеков дагы Атабеков дагы Маликтей ырдай алышкан жок. Эки Мирбекке караганда Арген Иманалиев жакшыраак ырдаган.
+1
Sabyr_Baymatov
2016-01-10 00:54:58
Аранжировкасы жана ыры жакты клиби анча эмес
+1
admin_media
2016-01-19 11:59:49
kanat_myrza,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
Kanubek
2016-02-17 19:22:11
Ассолом алейкум супер инфо сиздерден сураныч ырлардын барын уга турган проигрыватель кылып койсонор абдан согун болмок эле
0
admin_media
2016-02-18 09:52:02
Kanubek,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
Nurlanbek66
2016-09-02 17:35:11
Админ саламатсызбы?
Эмнеге бул клип суперхитке кирбей калган?
2014,2015, 2016 жылдарда жок
0
Aima94
2016-10-13 15:42:21
Лапочка. Жагымдуу. Кулгондо эзилип кетем) Бактылуу болунуз. Ийгилик
0
BakuNur91
2016-11-03 01:30:57
Рахат Божокоева
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан