Оо Жараткан кечире көр күнөөлөрдү кетирген,
Пенделерге колдоо кылып сен деп өмүр кечирген.
Сахаблар пайгамбарым лайлоху иллалох деп,
Эти канап, ыйман издеп тамандары кесилген.
Үмөтүңмүн пайгамбарым, кол куушурган кулуңмун,
Ыйман нурун таратам деп өз каныңа жуундум.
Алла Таала насип кылып жарыктыктан күн берип,
Ата-энем себеп болуп кулчулукта туулдум.
Кайырма
Лайлоху иллалох, Мухаммеди расулиллох,
Пенде келтиргин пенделер өмүр кайтпайт бир келет.
Мээримдүү зат адашкандын жүрөгүнө ыйман бер,
Пенделерим келме айтып, кечиргин деп ыйлай көр.
Энелердин таманында бейиш төрү көрүнөт,
Тирүүсүндө тирөө болуп ата-энеңди сыйлай көр.
Сизге, бизге бул жарыктык сыноо үчүн берилген,
Баары калат байлык-бийлик, үйүң-жайың берилген.
Жардам бергин жакырларга, бата алгын журтуңдан,
Мусулмандык парзың аткар, ыйман сура Теңирден.
Кайырма
Комментарийлер (56)
МАЛЫШ
2009-07-04 15:45:46
Жакшы Чынгыз,ойлондурган ыр экен.
0
Даниэль
2009-07-08 15:52:39
Азаматсын, Чынгыз!
0
JOJO
2009-07-09 16:26:39
Эфирде эле суйлочу
0
JOJO
2009-07-09 16:27:42
Бир кезде озун радиодон ырчыларды сынап хит парадка койчу элен азыр озун 10 орунду алганын уят го, эл деген ушундай, бат эле таразап, сары мешокко салып коет....
0
sher
2009-07-10 11:56:33
chingiz jooon ele suylop jurchu kiynalbay
ee dos
0
Неля
2009-07-14 10:08:15
Песня хорошая, но мне кажется ее должен был бы петь кто-нибудь другой:)
0
mirba
2009-07-19 10:33:35
Братишка ырдабачы, сага жарашпайт экен
0
kanyshay
2009-07-23 09:24:37
Билбейм, бул жердеги кобунчо жаман суйлогондордун арасына кошула албайм! Мага жакты! Копту тарбиялай турган ыр!