Билбейм кайдан жаралгансың сен мага,
Маңдайыма бүткөн окшоп бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай!
Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?
Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.
Сен экөөбүз эки сандай барабар,
Сен экөөбүз эки суудай бириккен.
Биз экөөбүз эки күчпүз барабар...
Комментарийлер (28)
amanatym
2015-10-02 09:00:31
унун жетпейт!!!
-1
Oi_pikir
2015-10-02 09:37:05
Сонун ыр! Курал жакшы аткарыпсың, акыркы куплетти, же жок дегенде аяк жагындагы кайрыктар өсүүсү керек эле, кульминацияны айтам, ошо жетпей калды. Ошентсе да жакшы. Куралга ушундай эски ырларды ырдаган жарашат.
+1
aiperishka87
2015-10-02 17:14:32
Ха ха хаа маньктардай чуркаптыр
0
Moorjanka
2015-10-03 09:10:08
Ырды мыкты ырдаган бодонону сойсо да касапчы сойсун.дегендей ырчыбы ырдасын сынатып эле койсо силерди......
0
aikol87
2015-10-03 23:31:53
Токтобубу Черикчиева эн сонун ырдайт.
0
Atabaev.kg.su
2015-10-13 18:27:39
Айдоочу деген ырын жуктоп койгулачы сураныч
0
admin_media
2015-10-14 17:05:06
Atabaev.kg.su,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү порталдан уга аласыздар.
0
Zai0888
2015-10-26 15:34:54
Клип жакшы но жакшы жеткире албаптыр
0
KG_vip
2015-11-22 21:44:30
Бир сонун ыр да уккан сайын үккүң келет
0
anya
2015-12-23 23:21:29
Силерге билбейм бирок мага тамактын тузу кемдей болуп калды .
0
dan12
2015-12-25 22:10:11
Азаматсын.Онорун оркундой берсин иним.
0
dav312
2015-12-28 22:48:18
жакщы ырды бузуп ырдап салыптыр музыкасы да уну да начар мындай айтканда Курал Чокоевге бул ыр туура келбейт
0
dastan_nookat
2016-01-05 19:25:11
Клип жакшы эмес ыр жакшы!!
0
Karalina
2016-01-06 15:48:26
Эн сонун ыр. Спорт Ордосунда 3.12.15ж кайрымдуулук концерте ырдаганы аябай жакты. Уну сонун. Азаматсын. Коп эле ырчылар андай кайрымдуулук концертке бара бербейт экен.
+1
muzykant
2016-01-21 13:24:58
Ырдын пири Рыспай Абдыкадыровдун ырларын кантип жаман дейбиз жакшы аткарылган экен бирок аранжировкага башкача звуктарды колдонсо болмок экен гитара эле ачып коюптур
0
dav312
2016-02-09 02:04:03
Куралбек Чокоев бул ырды иинине жеткире албагандыгы корунуп турат ырды жанылайм деп эле ой келди бусуп ырдай берген болбойт да
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.