Венера Назаралиева Өкүнүч

Жүктөлгөн: 08-10-2015
04:28
57.88 Мб
Жанр: Поп
Венера Назаралиева "Өкүнүч"
Сөзү : Ж.Сатыбалдиевдики
Обону : Ж.Сатыбалдиевдики
Өмүрүмдө өчпөс болуп,
Өкүнүчүм ичте калды.
Убадаңды аткара албай,
Ууландырып кеттиң жанды.
Түшүнбөпмүн түгөйүмдүн экендигин ичи жарды.

Кайырма:
Ак сүйүүмдү сезбегендей,
Зарлап күтсөм келбегендей.
Санаа тартып сагынамын,
Кадырыма жетчүлөрдү.
Мени сыйлап өтчүлөрдү.
Жолуксам да жаңылыпмын,
Жаштык кылып жалыныма.
Жалгыздыктын тагдырына,
Жашоодо мен жаңылыпмын.

Эрте-кечтир жолугарбыз,
Бирок сүйүүм муздап калган.
Ишенбеймин эми сага,
Үмүтүмдү үзүп салгам.
Ишеничтин жиби үзүлдү,
Жолукпаймын эми сага.

Кайырма:


Кыя албаймын дале сени,
Бир кездерде жалындадың.
Беш жыл бою бирге жашап,
Өмүрлүк жар боло албадың.
Бакыт кушу колдон учуп,
Тагдыр бизге кылды кастык.
Комментарийлер (17)
Mahabbat
2015-10-08 19:40:18
Жакшы ыр экен. Ырдын мазмуну да, голосу да жакшы экен. Клип аябай кайгылуу экен, коруп журогум эзилип кетти.
0
karona
2015-10-08 20:36:37
Венька, молодец! Алга!
0
Nur0701
2015-10-08 23:47:47
жакшы ыр,уну жагат!
0
Bishkek
2015-10-09 03:34:18
Азамат ыр да клип да сонун
0
jalgyzdyk
2015-10-09 09:33:35
ырчынын ырдаган жери, булактын астында, кадрлары Оайхондун согиндим деген ырыныныкына окшош экен))) мен жон эле оюмду айттым
0
Davlethan
2015-10-09 12:08:23
Соннун Венера ийгилик.
0
amanatym
2015-10-09 15:25:41
кимдин ырын ырдап жатат?
0
Kurmanbek_9009
2015-10-11 03:31:38
Автору кадимки Жанторо Сатыбалдиевби же кандай?
0
Kursan58
2015-10-11 17:02:23
sonun boluptur
0
Kursan58
2015-10-11 17:03:02
maga abdan jakty
0
admin_media
2015-10-12 16:40:38
CHINKA,
Саламатсызбы! Жай көрсөтүп жатканы, интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды.
0
ROZA-87
2015-10-21 02:03:40
Унуно соз жок. Клип супер молодец Венка алгааа
+1
uli1990
2015-10-25 18:07:02
ото сонун ыр бирок создору бурмаланган муну Гулинса Исмаилова сонун ырдаган
+2
Dastan010101kg
2016-02-18 03:39:05
Нарбото досум красавчик онорун оркундой берсин! !!
0
ajo81
2016-04-13 09:45:09
Чон-Алайлык Жениш деген акенин ыры. Билишимче азыр Жалал-Абадда жашайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан