Роза Шакирова Апакем

Жүктөлгөн: 17-10-2015
03:14
54.7 Мб
Жанр: Поп
Роза Шакирова "Апакем"
Сөзү : А.Туткучевдики
Обону :
Эстедим жаш чагымды,
Тил албай айтканыңды.
Азабым даалай тартып,
Ак басты чачтарыңды.
Кеттим мен билим сапам,
Күттүң го жолум карап.
Кең жайып тасмалыңды.

Күйүттү эч билбеген,
Күн каалайм кеч кирбеген.
Арка бел атабыздын,
Жоктугун сездирбеген.
Ажалдан күч келсе да,
Ааламды бүт берсе,
Алмашпайм эч ким менен.

Байтерек караныңыз,
Бакыт, кут жамалыңыз.
Кудайдан өмүр тилеп,
Кыйшайсам таядыңыз.
Жараткан аян кылган,
Пайгамбар баян кылган,
Бейиш жай таманыңыз.

Корго деп эл-жериңди,
Тарбия бергениңди.
Апаке кантип актайм?
Ак сүтүм эмгенимди.
Соолбосо асыл денем,
Жер сайып башым менен,
Кайтарам эмгегиңди.
Комментарийлер (23)
mira2006
2015-10-18 18:21:24
Сонун чыгыптыр, ушул эже аябай жагат мага,ырдаганы озуну алып жургону
0
dawa
2015-10-19 11:52:32
Соонун чыгарма
0
Jantaev
2015-10-19 19:02:00
Жакшы ыр болуптур.клипда жакты.апамы сагынып кеттим.
0
alisa.ilias
2015-10-19 20:18:44
сонун болуптур
-1
Роза Шакирова
2015-10-21 08:20:57
Рахмат.Жакшы создор,колдоо бул ырчыла
рга эргуу берет. Баарыныздарга рахмат.
-1
altynbek_84kg
2015-10-21 13:36:37
Клипке эч нере айталбайм бирок Розанын уну менен ырдын созундо катачылык жок ийгилик эжеке
-1
Ayanat
2015-10-22 16:44:30
Baary sonun!!! Uwul Eje ekoobuzdun tabitibiz bir da)). Jalan maga jakkan yrlardy yrdait
-1
Mirbek_1990_24
2015-11-25 11:43:15
соз нет!!! супер!!
-2
kg_smile
2015-12-20 21:24:34
Эн сонун! Мен уккан ырлардын эн керемети
-3
dav312
2016-01-19 00:58:33
Роза Шакирова бул ырды оз денгелине жеткире ырдай албаптыр мен кутком абдан жакшы ыр чыкса кк деп бирок ырды бусуп салыптыр клип болсо чындап ырга топ келиптир
+3
marty77
2016-02-10 10:46:10
Клипте эч озгочолук коро албадым. Роза эженин уну жакшы, жакшы ырга сонун клип тартса болбойт беле.
0
bela77
2016-02-10 13:35:55
Ыр жакшы, клиби жаккан жок!Жакшылап изденсе болмок бироо эмес учоо ырдап жаткандан кийин! Учоо чогулуп ойонсо деле клипке жакшы сценарий табылмак да.
0
salamat1987
2016-04-29 14:43:23
Эн негизи созу абдан манилуу жакшы жазылыптыр аткаруусу да сонун рахмат
0
Nurgulcyntemirova
2017-02-10 21:12:25
Эн сонун чыгармада минусовкасы да болсо жакшы болмок
0
Nurgulcyntemirova
2017-02-10 21:13:30
Сураныч минусовкасын кочуруп бересиздерби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан