Темир Назаров Өнүксүн өлкөм

Жүктөлгөн: 19-10-2015
03:40
55.59 Мб
Жанр: Поп
Темир Назаров "Өнүксүн өлкөм"
Баратып жолдо, батабыз ойго:
“Өлкөбүз кантип өнүгөт?”
Чаң баспай төрдө, чапсак деп өргө,
Санаабыз санга бөлүнөт.
Эгемен болуп, сыймыкка толуп,
Жашаган жокпуз бекерге.
Жалының кошкун, салымың кошкун,
Зарылып турган мекенге.

Кайырма:
Өнүгө бер, өркүндөй бер мекеним!
Мен дебей, эл деп, төгөлү бермет,
Бейпилдикте өнүгүп мекен,
Берекебиз байлансын бекем!

Ар канча улут, алтындай уюп,
Айжаркын болсун келечек.
Таптайлы күчтү, баштайлы ишти,
Аракет кылсаң - берекет.
Биримдүү болсок, билимдүү болсок,
Жетебиз аруу тилекке.
Өзгөчө көркөм, өнүксүн өлкөм,
Кыргызстан жашап жүрөктө!

Кайырма:
Комментарийлер (24)
ROZA-87
2015-10-21 01:51:31
Мага жакты сонун болуптур
+3
amirhan
2015-10-21 02:40:11
мага аябай жакты, анткени патриоттук ыр болуп тур. Биз кыргыз эли сыймыктанган коп нерселерибиз бар. жулутубуз,жерибиз, мамлекетибиз, суубуз. Баа жеткиз!!! СУЙОМ, КУЙОМ сен учун бир кашык сууга чогуп олом деп ырдагандан 100 эсе жакшы деп ойлом.
+1
amirhan
2015-10-21 02:41:55
Темир Назаровдун ырлары баары жакшы. уккулуктуу. азаматсын Темир!!!
+1
Роза Шакирова
2015-10-21 08:17:31
Соонун болуптур. Азамат!!! Кыргыз элибиз,жерибиз онуго берсин.
+2
altynbek_84kg
2015-10-21 13:31:57
Негизи Темир таланттуу негедир мурдагы Темир жок жакшы эле аракет кылгансыйт бирок
0
karona
2015-10-21 14:40:34
жакты
0
Ayanat
2015-10-21 16:26:44
Kyrgyzga dem bere turgan yr bolubtur, azamat!
0
Gulya.akbaralieva
2015-10-22 02:25:14
Сонун го Курманжан датканын баласынын рольун ойногон бала жагат.!!! Азамат Темир. Туулган жер да жакшы чыккан
0
ysmanali
2015-10-22 04:46:31
Красавчик
0
baby
2015-10-22 19:46:32
Баракелде!!! Аягына чыкканча козумо жаш алгандыгымды жашырбайм. Чынында Кыргызстаныбыз онуксун... Ушундай тематикадагы ыр-клиптерге басым жасап,иштеп жатканын эн жакшы Темир. Алдынкы клиптерден болуптур.Тронуло.Творческих успехов тебе.Бар бол.Мы тебя любим. Ты лучший!!!
0
baby
2015-10-22 19:50:27
Ырдын да клиптин да мааниси терен, маныздуу болуптур....Ойлондурат.Excellent
0
GROM
2015-10-23 10:47:29
Темир байке сонун клип экен.
Жакшы тартылыптыр, СинемАрт озу сапатына жакшы конул бурушат. Азаматтар, ырдын мааниси да жакты... Коп-коп иштеп жакшы ырларды жарата бериниз брат)
0
aikol87
2015-10-26 00:08:07
Сонунго азаматсын.Актёр балдар жакты.
0
Gulu85
2015-10-30 18:17:11
Обожаю темиру назарову
0
daiyrbekov_91
2015-12-10 13:42:07
Мыкты клип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан