Ааламды жеке билсе да,
Алтындан үйгө кирсе да,
Асманда жылдыз аралап,
Бакытка тойбойт адамзат.
Сагынтып дайым турса да,
Кусалык бакыт сунcа да.
Жылуулук сезим аралап,
Сүйүүгө тойбойт адамзат.
Кылымды кыйла көрсө да,
Кызыкты өзү бөлсө да.
Кырчындай жаштан айрылып,
Өмүргө тойбойт адамзат.
Жанында өмүр турса да,
Жалдантып кылыч сунса да.
Ирмелбей көзү тунса да.
Үмүткө тойбойт адамазат,
Бакытка тойбойт адамзат,
Өмүргө тойбойт адамзат.
Комментарийлер (36)
sabyr86
2015-10-27 17:27:59
Тиги эксти көрсөм диним келет да.ыр сонун.
+1
Aitgul91
2015-10-27 18:00:44
жакшы
0
Nur9397
2015-10-27 23:35:57
толук эмеско
0
http
2015-10-28 11:43:57
Nur9397, кино экен да ошого толук эмес)))
Кызыгып калдым киносуууна
0
aikol87
2015-10-28 10:23:17
Киносун коруш керек экен.
0
Zai0888
2015-10-28 16:28:37
Кинону коргум келип кетти, Аяна бийигирээк алчы үнүңдү тажатпай чыйылдап. Сайкалдын эксжигити эми актер болуп кеткенгоо
0
joker007
2015-10-29 01:42:38
Сайкалдын экс жигити молодец эркек экен жер карап уйундо отуруп калбай актер болгонго да жетишиптир а так ролдорду сындырып ойнойт,ал эми Аяна ырдаганча качан бутот экен деп эле кутуп турам ал эмес мен кыйналып кетем, орто эле ыр болуптур...
0
rnurzida
2015-10-29 04:53:33
Чынында ыр абдан маанилүү экен. Тунук Абдразаков аябай жеткиликтүү ырдаптыр Аянага караганда. Үнү да укмуш экен ал жигиттин. Анын аткаруусундагы вариантын кайра-кайра уккуң келет. Аянанын бул ырды ырдаганына мен кыйналып кеттим бул жакта. Ырды заманбап стилде ырдайм деп, ырды да, өздөрүн да кыйнап алышат азыркылар.
0
Moorjanka
2015-10-29 09:44:46
Аяна берилип ырдайм дединби мимика жесттерин аябай бузуп салыптыр антип оозунду чоюп ото калтырабай эле койчу сураныч
0
aylapa
2015-10-29 13:58:36
Ырдын мааниси жакшы экен.Ырчынын 32 тиши көрүнүптүр
0
messi_1987
2015-10-29 16:16:53
Аяна клип жонундо толук малымат берип отсон жакшы болот эч ким сенин клипбине тушунгон жок! бир эле ыр м.н элге танылып алып эле башка ырларды дагы ыр деп эле ырдай берген болбойт да!
0
adina_love
2015-11-01 14:49:16
Урматту админ Аяна Касымованын Аманат деген ыры качан жуктолот
0
hello.kg
2015-11-01 23:19:42
Салам достор.клиптеги жигит сайкалдын жигити беле ээ.билгендер болсо кенири жазып койгулачы.сураныч
0
asas1212
2015-11-07 01:06:49
Ырды жакшы ырдаган Аяна , Тунук деген жигиттин ырдаганына салыштырмалуу.Аянанын уну тунук жана вокалдык жагынан мыкты.
0
shiku
2015-11-09 02:21:15
Мага аябай жакты. Азаматсын! А оригиналы дегендерди уктум алардын таасири жок экен. Мен ушул клипти эмес ырын укканда ыйлагым келип кетти)) образга кирип жакшы ырдаптыр
0
raykray
2016-12-22 02:35:14
Мага аябай жакты ыр
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.