КЕҢЕШ тобу Жаккым келет

Жүктөлгөн: 27-10-2015
04:46
60.96 Мб
Жанр: Поп
КЕҢЕШ тобу "Жаккым келет"
Сөзү : Замир Казакбаевдики
Обону : Мүзүр Мамбетовдуку
Мен сага арнаганы,
Гүлдсте тандаганы,
Баратам көңүл шайма-шай
Кыялдар орундалып,
Чуркасам жолум тарып,
Сүйлөсөк экен жайма-жай
Өзгөнү көзгө илбей,
Таманым жерге тийбей,
Баратам сага жакканы,
Алгачкы, акыркымды,
Бир келген бакытымды,
Баратам сенден тапканы.

Кайырма:
Жамгырда, жаанда калып,
Гүлдесте кармап алып,
Келе жатканын карачы.
Жылмайып койбодуң да,
Суу болгон колдоруңда,
Канча гүл даана саначы
Жөн эле койсоң болмок,
Көңүлүм ансыз тоймок,
Өзүңдү көргөнүм жетет.
Сүйүүнүн мааниси бар,
Жөн эле бере бербейт,
Гүлдүн да кадыры кетет.

Так санды болжогонмун,
Алганда ойлогонмун,
Түгөйү менен болсо деп.
Гүл берип көрбөптүрмүн,
Маанисин билбептирмин,
Сурабай алганым башка кеп.
Алдыңда билбей турам,
Гүлдү эми кантип сунам,
Ойлорум кетти чачырап.
Жетсем деп жүгүрөмүн,
Билбепмин күбүлгөнүн,
Кайчылап салчы, кайчылап.
Комментарийлер (64)
shazi
2015-11-01 17:14:15
Клиптеги кыз бийик така кийип жакшы баса албайтго... гулмира эжеда уйдо кийингендей ак туника менен шым кийсе эч эле жарашпаптыр.
+1
Nazik96
2015-11-01 18:26:40
ии соонун ыр болуптур мага кенеш тобунун баардык ырлары жагат.ийгилик сиздерге
0
aqua.94mema
2015-11-02 00:12:36
Кайра кайра уккун келе турчу ыр экен .
0
amanatym
2015-11-02 17:03:19
ушундай ырлырды уккандарга да рахмат.
+1
Abaika22
2015-11-06 22:41:59
Мага такыр жакпады, тооба ушул кантип ыр болсун(( обону деле жок,декламация айткандай эле болуп калыптыр гоо
+1
aiposha
2015-11-18 15:25:39
Айланайын алтындарым деги качан озгоросунор апей??? баягыле кочурмо эптемей клип, Музур байке кантет курсак байлап алганбы? менин оюм, озгорту киргизиш керек, ошол учун ырчыларда. Элге деле жагат болуш жаны образ. Анан кечке эле бир эле окшош нерсени коруп атышса, тажап кетет эл деген.
0
uli95
2015-11-21 18:47:34
зор!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
KG_vip
2015-11-22 21:54:39
Эх кандайгана сонун ыр
0
Titi
2015-11-24 12:57:13
Ыр жакшы клип -3
0
tynych88
2015-11-27 12:00:05
супер килип
0
dastan_nookat
2016-01-02 23:45:04
Kensh tobu ek muktu top !
0
Sabyr_Baymatov
2016-01-10 00:38:27
Мага кыздын таарынганы жакпады. Анан жигитин да убара кылып коюптур.
0
esimdesin
2016-01-20 08:33:37
эми бирөөнүн гүл берип атканын көрүп ошого таарынып ыйлаганга чейин барабы кудай урбадыбы? башкача сценарий болсо болмок.
0
alisherkgkg3
2016-03-19 02:14:30
Абдан жакшы мага аябай жакты
0
Sunrice
2016-12-18 01:03:58
Jaqwy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан