Кайрат Примбердиев Сен деги кандай немесиң?

Жүктөлгөн: 08-11-2015
03:22
52.11 Мб
Жанр: Поп
Кайрат Примбердиев "Сен деги кандай немесиң?"
Сөзү : Кайрат Примбердиевдики
Обону : Кайрат Примбердиевдики

Сен деги кандай немесиң?
Сүйүүмдү качан сезесиң?
Жалт карай өтсөм жаныңдан,
Байкабай кете бересиң.
Сүйүмдү арнай беремин,
Жообуңду күтүп келемин,
Мамилең муздак болсо да,
Көзүңдөн сүйүү издеймин.

Кайырма:
Ак сүйүү баркын билбеген,
Сен өзү кандай немесиң?
Башкалар айткан сөздөрдүн,
Жалганын кантип сезбейсиң?
Чын эле кантип сезбейсиң?

Кадырым билбе, сен үчүн,
Жанымды чабам не үчүн?
Бир күнү "сүйөм" деп келсе,
Деп жүрөм үзбөй үмүтүм.
Сен өзү кандай немесиң?
Сүйүүмдү качан сезесиң?
Жалт карай өтсөм жаныңдан,
Байкабай кете бересиң.
Комментарийлер (38)
Sanat312
2015-11-13 03:08:46
Бийлегени жакты! Клип ж.а ыры дагы сонун! Алга!
+1
dawa
2015-11-14 14:30:13
Супер кайраттын москвада ырдаган ырын кайдан тапсам болот
0
jarkynai.a
2015-11-15 21:57:29
соооонун ыр))))
0
mym
2015-11-15 23:56:38
Жакшы клип, жакшы ыр экен...
0
elisa86
2015-11-17 17:09:26
Azamat kyrgyz elinin chynygy talanttu jigiti. Iygilik.
+1
alimkulov_312
2015-11-24 12:53:05
аявай соонун клип болуптур, чынын айтсам көрүп ыйлагым келип кетти
0
belayalan
2015-12-07 08:45:19
Бир жолку "Сармерден" берүүсүнөн Кайраттын комуз менен ырдаганын угуп чыныгы талант экенине ишенгем.Ийгилик!
0
Gulya21
2015-12-29 01:56:58
Сонун тажабай угам
0
NotEnemy
2016-01-01 19:30:37
кыягы сонун экен
0
Eva77
2016-01-08 09:35:29
Мага уну жагат, ийгилик каалайм, кудай колдоп, коп жакшылыктарды корсотсун! Ыр дагы, клипи дагы эн мыкты! Бул ырды жаттап буттум!
0
Rinatik94
2016-01-08 15:28:23
Браво, Кайрат байке!
0
mika020495
2016-02-18 01:35:17
"башкы сахнага" барып келбесе эч ким талантын бааламак эмес
0
roksalana
2016-02-19 20:43:38
мурда такыр Кайраттын мындай ырдаарын билбепмин,молочик!!!
0
lika83
2016-03-25 23:56:55
Уну абдан жакшы экен! бийлегим келип чыкты!
Кайраттан дагы жакшы ырларды кутобуз!!
0
lika83
2016-03-26 00:08:28
акыркы кундору жаны клиптерди коргондо жарымына жеткенде очуруп салчу элем биринчи жолу канчадан бери бир клипти 10 жолу кордум го))) кайраттын клипин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан