Сен менен сезимимдин сересинде,
Сүйүүнүн кемесинде,
Өзүнчө көл болуп толкуп турам,
Көңүлдүн тереңинде.
Өмүрдө өзүңдөн кереги жок,
Башканын дегениңде.
Кыялды бүтүндөй ээлеп алып,
Айландың белегиме.
Кайырма:
Сен бар үчүн кейибейм, жашыбайм.
Сен бар үчүн кемибейм, ташыбайм.
Сен бар үчүн эч качан жаңылбайм.
Сен бар үчүн эч кимди сагынбаймын.
Жылмайып, жан эркем, жүрөгүмө,
Дем бердиң кездешүүдө.
Жөн эле болсо дагы бир көрүшкө,
Жолугам кеч бешимде.
Кайырма:
Комментарийлер (51)
muha.med
2015-11-13 01:30:53
озбектердин ыры го ойумча
-1
Sanat312
2015-11-13 03:06:38
Кыздын уну ото эле чыйылдайт го жасалмадай.
+1
aika929292
2015-11-13 10:19:34
mmmm klipke bawka kadyr kowso bolmok eken
+1
Janela
2015-11-13 10:51:50
Бул кыз, Аселге караганда жакшы ырдайт экен.
+1
joker007
2015-11-13 11:54:16
Эки эле куплет ыр болсо ошону да эки адам ырдап кайра-кайра эле кайталап эмне деген шумдук ээ 6 куплет болсо да тушунмокпуз ыр тандап ырдашты деле билишпейт кандай ырды ырдаса болот дует начар эле.....
-1
mr.boy
2015-11-13 12:58:23
клип жакты зор чыгыптыр ..........
+1
Мэри
2015-11-13 15:04:25
Клип күзүндө тартылган окшойт, кыздын көйнөктөрүн ошого ылайыкташса болмок беле... Кыздын кийимдери жаккан жок, кандай десем, жупуну, жарашыксыз, табитсиз тандалгандай көрүнүп жатат...
А Мирбек гүлдү чалгы, айры көтөрүп келаткансып көтөрүп алыптыр го ))))
+1
Gulya.akbaralieva
2015-11-17 01:48:28
Мынча туру сууктар. Голос жаккан жок кыздын. Стремно как-то
-1
Ellis80
2015-11-18 11:47:58
Клипте эч кандай озгочулук жок, жон эле кочодо ойноп жургондорду телефонго тартып алгандай эле сезилди, ырчы кыз ого бетер бузуп салган, жээ ун жок, торт жолу кийим которуптур эч кандай вкус жок стилистерге деле кайрылса болмок, клипке тартылып аткандан кийин. Ал эми Мирбекте соз жок, талантын баалайм, озу жалгыз ырдаса болмок.
+1
Zai0888
2015-11-18 17:36:41
"Бүткөн ишке сынчы көп"-демекчи урматуу сынчылар сындаардан мурун өзүбүзгө суроо берсек. Мирбек байке, Нуркыз эже азаматсыздар. Кең келечек анча-мынча айтылган сындардан сынбаныздар!!! Мага жакты өзгөчөлүк бар, адамдын жүрөгүн жаз, көңүлүн гүл кыла турган ыр болуптур!!! Кыскасы ийгилик, кең келечек!!!