Куралбек Чокоев Ата-эне

Жүктөлгөн: 11-11-2015
04:09
57.51 Мб
Жанр: Поп
Куралбек Чокоев "Ата-эне"
Сөзү : Т.Бектургановдуку
Обону : Т.Бектургановдуку
Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсун, багат ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип,
Багышпайт ата-энени эмнеге?

Кол созуп бир кездерде: "Келе-келе,
Келе бер, кармат мага, өзүң жебе".
Дегендер боор көтөрүп, үй-жай күтсө,
Унутат ата-энесин эмнеге?

Оокат таап адилеттүү эмгек менен,
Адамдык сапатыңды тилеп келген.
"Ай, ушул адам болуп кетсинчи" деп,
Ата-энең болчу өргө жетелеген.

Көрүнүп эл көзүнө коройгондо,
Бой болсо ак теректей соройгондо.
Карабай атасына, энесине, энесине,
Кай мерез басып кетет чоңойгондо?

Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө,
Ойло, дос, жаңылыштык кылып жүрбө.
Өзүңдөй таш боордукту балдарыңдан,
Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон.
Комментарийлер (34)
Izdeim_seni.
2015-11-12 15:24:09
Калпак да ,шляпа да бирдей жарашбайт экен Куралга.
-3
Medina..
2015-11-12 20:16:21
sonun klip boluptur!Taasirduu.Kural chyn jurokton yrdait ushunusu jagat.
+1
joker007
2015-11-13 11:46:15
Жакшы клип болуптур,бирок карылар уйундо жалан гана башка улуттун карылары биздин карылар уйубуздун куту болуп эле журушот мен кыргыз болгонума сыймыктанам...
0
HAPPY.GIRL
2015-11-13 19:21:09
уууухххх журогум ооруп кетти((((
+1
econom313
2015-11-13 23:18:04
эң мыкты болуптур!
+3
soccer_boy95
2015-11-14 13:25:09
Еу Курал брат,сизден сураныч...твга чыкканда калпагыны туз еле кийип чыкчы,бир жака кыйшайтып албай ХХХ ХХХ ал калпак сага кепка же шапка эмес го!!!1500 сомдук калпагын бар екен,кыйшайтпай еле кийчи сураныч,
-3
admin_media
2015-11-16 12:32:36
soccer_boy95,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кеминтүүгө тыюу салынат!
0
mirlan15
2015-11-14 23:39:27
Моладес коруп ыйладым супер
+3
meri.kg
2015-11-15 08:18:59
Азамат.Өзү Куралдын үнү жакшы. Кандай ыр ырдасада уккулуктуу!
+3
aisulusha
2015-11-17 23:51:09
Сооонун ! Ыйладым алыста ата энемди эстеп ! Бар болгула ар дайым ата энелер !!!!
+2
bibi87
2015-11-18 03:36:41
Журокко жете турган клип болуптур. Аткаруучуга 5+++++++++++++++++
+3
sabyrov.s
2015-11-23 14:43:07
Арсен красавчик....
0
muzykant
2016-01-21 13:00:28
Бул ырга жакшы омур берипсин ийгилик
+3
anya
2016-03-23 15:32:27
Курал Чокоевдин уну жакшы, абдан жакшы иштесе популярдуу ыры боло алат, козум жетип турат да .
+2
damir007
2016-05-04 11:03:00
Негизи клиптин мааниси жакшы, уну да жагат бирок озу ырдаган жерлерди коп тартып коюптур(((
0
Jibek91
2016-05-04 11:15:59
Эски ырды бузуп коюптур. Таалайбек Бектургановго жетпейт. Сценарийин жазууда изденишпептир. Өтө эле кайгылуу болуп калгандай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан