Унут мени, өзүңдөн алыс кетейин,
Тагдыр ташы жолума көчтү кантейин?
Сага жалгыз тилегим бакыт каалаймын,
Сен да жаным, мага ак жол каалагын.
Кайырма:
Унут мени, жаныңа кайгы-муң салдым,
Бир болом деп, сөзүмө тура албадым.
Ким ойлоптур, турмуштун өзгөрүп каларын,
Жаныңа кайгы-муң саларым,
Билбепмин жаным, билбепмин.
Ким ойлоптур, жашоонун өзгөрүп каларын,
Жаныңа кайгы-муң саларым,
Билбепмин кечир мени, кечиргин.
Унут мени, жашооңо тынчтык бербедим.
Баарын кечтим, мен сенден алыс кетейин.
Унут эми, кечиргин мени асылым,
Сага берген убадама турбадым.
Комментарийлер (76)
Chika9000
2015-11-18 19:06:06
Joodarbeshimdin unundo bir syikur bar men sizdi baalaim jakshy korom
Ураа мен баалаган кыргыздын нукура ырчысы Жоодарбешим. Клип, чыныгы бир адамдын жашоосунан алынганы мага жакты. Кимдир-биролор учун бул клип сабак болот. Оркундой бер Жоодарчик.
0
uli95
2015-11-21 18:15:23
Жылдын супер клби болсо болгудай мен коллдойм, жада калса ыр да абдан супер экен кайра кайра угуп жатам!!!! ийгилик!!!!!
0
Begay.00.kg
2015-11-24 19:09:22
салам админ милананын жаныжыл деген ырын кайдан тапсам болот