Ильяз Андаш Сагыныч

Жүктөлгөн: 30-11-2015
04:00
55.33 Мб
Жанр: Поп
Ильяз Андаш "Сагыныч"
Мен сени сагынган бойдон жүрөм, алтыным,
Жазды эңсеп сагынган боз жамгырдай,
Күкүктөп сайраган боз куштардай,
Мен сени издеп жүрөм,
Мен сени сүрөп жүрөм,
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлап жүрөм,
Өмүмчө сыздап жүрөм,
Бир сен деп ырдап жүрөм.

Сагындым, саргайдым бир сен үчүн,
Сен муну билесиңби?
Суранам кайра бир келсеңчи сен,

Мен сени сагынган бойдон калам, ардагым,
Жете албай калсам, ай арманым көп,
Кеңчилик дүйнөнү кечип таштап,
Мен сени издей берем,
Мен сени сурай берем,
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлай берем,
Өмүмчө сыздай берем,
Бир сен деп ырдай берем.

Кыйналдым, кысталдым бир сен үчүн,
Сен муну билесиңби,
Суранам кайра бир келсеңчи сен.
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлап жүрөм,
Өзүмчө сыздап жүрөм,
Бир сен деп ырдап жүрөм.
Комментарийлер (11)
Kunbeken
2015-11-30 17:49:33
Иляздын ырдаганын коруп зеригип кеттим го, ыр буткучо))
0
http
2015-11-30 18:00:09
Красавчик Ильяз! Керемет ыр!
0
sara90
2015-11-30 23:15:57
Zerigichtyy go sozdoru
0
Oceana
2015-12-01 08:42:01
Зеригичтүү экен. Акырына жетпей токтоттум.
+1
amanatym
2015-12-01 09:35:55
анча эмес, жакшылап аракет кылышын керек.
0
admin_media
2015-12-01 10:16:39
R.A.M,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
snejinka
2015-12-01 12:36:17
Үнү жакшы, негедир жакшы иштебейт, бул чыгармасы орто, мындан да сонун ырларды ырдай алат.
0
Zooro1977
2015-12-03 11:52:16
Жакшы экен сонун жакты.
0
imankadyrov
2015-12-04 13:37:11
Бул бала негизинен таланттуу
0
Shorobashat
2015-12-08 18:54:26
Сонун
0
Mahabbat
2016-02-20 11:52:16
Соооонун, аябай жакшы. Журокко жеткирип ырдаптырсыз. Клиби да жакшы тартылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан