Самара Каримова Мен дүйнөнү апам менен тааныгам

Жүктөлгөн: 03-12-2015
03:31
54.55 Мб
Жанр: Поп
Самара Каримова "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"
Сөзү : Фатима Абдалованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу элем, магдыратып жытынан,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
Комментарийлер (38)
anara-anara
2015-12-06 08:56:22
Неге бизден жакшы соз жакшы каалоо чыкбайт ээ. Окуп олтурум тан калам жакшы соз арнасак болбойбу деп. Самара азаматсын бардык жагы топ келишип элдин сыймыгы болуп журо бер. Сенин талантына биз сыймыктанабыз.
-1
medina.
2015-12-06 18:27:24
suluu bolup ketipsiz go.Tajryibaluu vizajist eken da)
0
Ryc
2015-12-06 19:11:33
Сагыныч жазы сен элен,
Ашыктын назы мен элем.
Арманды асыл ак гүлүм,
Артылат сага делебем.
Алмашпайм сага бөлөгү н,
Арманда болсо көнөмү н.
Жанымда уктап жатсам да,
Түшүмдө сени көрөмү.
Ушул ырды ким ырдайт билсенер жанып кочуруп койгулачы сураныч "админ" рахмат!!!
0
jumai7984
2015-12-06 20:06:33
мыкты клип азамат
-1
edu.kg.
2015-12-07 18:21:31
Колдогондондордун баары тууган туушкандары окшойсунар э? Самара да озун таанытыш учун озун элдин назарына салыш учун любой шоу уйуштурууга бара алат. Жаны чыгып келе жаткан ырчыларга да тенеле албайт уну ыры дегеле баардык жагынан. Азыр заман алдууларга акчалууларга ыктаган заман тура.
+1
edu.kg.
2015-12-07 20:53:42
Клип деп санагандарга айрыкча туугандарына албетте жагат да жакпаса да эл алдында мактоого аргасызсынар.
-2
azamat7
2015-12-07 22:49:10
Музыкасы озбек музыкага окшош экен,ырдагыны мага жаккан жок,нукура кыргыз музыкасын тандаса болмок.
-2
admin_media
2015-12-08 12:04:33
sayakat,
Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайык, өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Жеке билдирүүлөрдү купуя кат менен жазыңыз!
-2
NeymarMessi
2015-12-10 20:41:58
соонун
0
lika83
2015-12-12 03:03:47
абдан сулуу айым
0
NARYNGRAD
2015-12-13 18:06:16
Тимеле татынакай кыз экен го.
0
Aselya_9105
2016-03-11 22:21:19
Апалар жонундогу ырлардын баары мыкты ким ырдаса дагы.
0
elisa86
2016-03-13 01:25:58
Iiii azamatsyn Samara.
0
aikera1992
2016-04-15 17:27:53
Анжеликага окшоп калыптар аябай.
0
Bolot.kg
2016-04-26 21:22:05
Эмне эле жамандайсынар.Жакшы эле ырдаптыр.Ыры сонун.Клиби бирааз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан