Айнура Салахидинова, Руслан Нарынбаев Жаңы жыл

Жүктөлгөн: 17-12-2015
03:27
55.59 Мб
Жанр: Поп
Айнура Салахидинова , Руслан Нарынбаев "Жаңы жыл"
Жаңы, жаңы, Жаңы жыл,
Кирип келди кайрадан.
Жаңы жылдан жакшылык,
Күтөт элдер сандаган.

Тынчтык, сүйүү, бейкуттук,
Чын ден соолук кааларым.
Ыр-күлкүгө чуулганып,
Шаңга толсун айланам.

Кайырма:
Көңүлдөргө дайыма,
Күлкүлөр толуп, шаң болсун.
Адамзаттын жан дүйнөсү,
Жааган кардай ак болсун.
Эски жылды узатып,
Жаңы жылды биз тосолу.
Ар бир үйгө кут кирип
Ден соолукта бололу.

Сааттын жылып жебесин,
Он экиге кактырат.
Шаңга толуп көчөлөр,
Шампан көккө атылат.

Ар бир үйгө Жаңы жыл,
Кирип келет жаркырап.
Жаңы жылда жакшылык,
Каалоо-тилек айтылат.

Кайырма:
Комментарийлер (16)
4aidai
2015-12-18 09:04:44
Жаны жылга жакшы ыр жаралыптыр. Азаматсынар Айнура, Руслан Нарынбаев.
0
damira5555
2015-12-18 09:24:48
Айнура еже аяба жакшынакай болуп кетиптирсиз ишинизге ийгилик ыр суппер
0
deva
2015-12-18 11:21:07
Жаңы жылдык ырларды жүктөп койгулачы, сураныч. Негедир быйыл элде жаңы жылдык маанай жоктой туюлуп жатат
0
NuraiNurdinova
2015-12-18 12:56:08
Вообще суппер....
клип да ыр да сонун болуптур,чыгармачылык ийгилик!!!!
Келе жаткан Жаны-Жылыныздар менен!!!!!!
0
sardar1
2015-12-18 15:53:22
Супер клип. Эн коргон майрам жаны жыл. Айнура эжени жакшы коробуз. Ыр соонун! Маанайымды которо турган клип болуптур.
0
sardar1
2015-12-18 15:55:04
Текстин жазып коюнуздарчы плиииииз.
0
aralbek
2015-12-19 01:12:41
Молодец Руслан кошунам
0
sharolli
2015-12-19 16:05:40
"Тундуктук келин" тасмасындагы дайыма тунку атылуучу салютко ;))))))
0
kachy0212
2015-12-19 19:38:44
Байеков менен Созул женем дагы жакшы ырдаган бул ырды
0
sagyn91
2015-12-20 14:40:24
Айнура Салахидинованы сыйлайм, жакшы ырдайт.
0
Salman777
2015-12-20 17:22:56
базар жок айнура бар болунуз
0
aikol87
2015-12-21 00:31:26
Айнура ар дайымкыдай супер.ырда клипта жакты.
0
TAION
2015-12-21 08:44:05
Kaigyryp yrdap koiuwuptur. Shanduuluk jok!
0
dina_nina
2015-12-22 13:15:26
Айнура клипте соз жок кыш кереметинде айлана апапак жаны жылда эн сонун клип болуптур супер супер
0
dina_nina
2015-12-22 13:21:45
Жаны жылда жаны клип жаны каар айлана апапак керемет кыш супер инфодо супер клип жаны жылынар менен Айнура клипте да ырда да соз жок спер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан