Нурмат Садыров Торгоюм

Жүктөлгөн: 21-12-2015
04:06
62.62 Мб
Жанр: Поп
Нурмат Садыров "Торгоюм"
Сөзү : Рыскулбек Турсуналиевдики
Обону : Советбек Урматбековдуку
Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн - кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.

Сен торгоюм - сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.
Бир басалы гүл бакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде,
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.

Жалын болуп жаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлө, күү чалып.
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.

Көңүл куруп, күү чалып,
Күлүп-бийлеп, үн салып.
Менин сүйгөнүм торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.

Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.
Комментарийлер (91)
kanybekov
2016-03-01 21:45:15
ООО сонун чыгыптыр жагымдуу угулат экен
0
Pakissstanka
2016-03-02 01:42:55
Ортодогу кызды жон койбопсунарда баарын ошо кыз бузуп салыптыр.
0
Karalina
2016-03-02 13:11:17
Ырдаганы, бийлегендери абдан жакшы, бирок ортодогу кыз жакшы болбой калган, башка кыз тандаса болмок! Кыргыздын нукура сулуу кыздары толтура го. Татуаж, кирпик чаптабаган эле.
0
elya1604
2016-03-08 01:31:18
iygilik
0
kanykei95
2016-03-11 23:52:55
kliptin ayagynda kyzganyp kettim sizdi
0
MuslimNur95
2016-03-13 21:33:58
Ыр аябай соонун экен маанилуу угуудан тажабайсын го соз жок нурмат байке
0
basyz-kaman
2016-03-30 02:17:40
Ырдын авторун жазып коюнуздар эми.
0
gulnur.narmatova
2016-04-01 17:40:14
Эн сонун ырдаган молодец
0
Usow
2016-04-05 16:02:50
молодец Нурматчик керемет ырдапсын ишине ийгилик жана унуно тунуктук каалайбыз
0
Muslima.aksy
2016-04-22 13:48:24
don.kg, туура айтасыз Ернар Айдардын "Не дейсин" деген ырына окшош, бирок эн соооооонун деген бааны берет элем.
Ар кимдики озуно,
Ай корунот козуно.
Карга да баласын аппагым дейт.
Клиптеги кыз эн сонун ачыкан клипти.Бироону кемсинтуудон алыс болунуздарчы сураныч!!!
0
sunu2015
2016-04-25 12:18:48
Аябай соонун ыр экен молодец
0
FlowersGuli
2016-04-30 23:27:15
ыр соонун.Бул ырды Махабат дегем апчем туугандар арасында тойдо ырдап журчу.Ырдын автору Таластан турбайбы.эхуууу.соонун.жакшы ырдады.кыз жаккан жок.сулуу .кара чачтуу.жонокой кыз болсо болмок да .кыздын кашы кантет,тим эле кашы калын анан туптузго.ручка менен чийгендей.клиптин корку кыз болсо.анысы да абдан боелгон.жонокой болмуш болуп коет жарашпаайт
0
merinargiz
2016-05-05 13:37:21
Кыз ашыкча эле назданат го,а так Нурмат байке супер пупер
0
sher.ella
2016-05-27 11:34:01
Очкарип толук баланын аты ким эле
0
diar_1113
2017-09-26 03:05:38
Сонун ыркен азаматсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан