Съездбек Искеналиев Аруу кызым

Жүктөлгөн: 23-12-2015
03:46
57.98 Мб
Жанр: Поп
Съездбек Искеналиев "Аруу кызым"
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Той күтүнүп ак жоолукчан,
Бой жеткен белең билинбей.
Келгин куштай колдон учкан,
Кезинде кантем күйүнбөй.
Таалайыңа талпынасың,
Башынан дүйнө ушундай.
Мөлт этсе да тамчы жашым,
Бакыт жок ушул учурдай.

Кайырма:
Аруу кызым, ананайын,
Жар болгунуң жакшыга.
Балапансың мага дайым,
Айлансаң да ак кууга.
Сага берем ак батамды,
Бактылуу бол, нур кызым.
Кубандырып эне-атаңды,
Тунук болсун турмушуң.

Жарың менен дүйнө жаркын,
Башыңа алтын куш конуп.
Эркелегиң үйдө калсын,
Жаңы үйгө баргын кут болуп.
Атала көр, жакшы келин,
Ак жоолук түшпөй башыңан.
Билгизип да ак тилегим,
Биринчи бийге чакырам.

Кайырма:
Комментарийлер (22)
Patriot007
2015-12-24 12:53:33
Эн соонун тартылыптыр азамат Съездбек!Окшоштук эч кандай жок ,сапат жагынанан дагы эн жакшы. Кыргыздын сыймыгы болуп, талантын оркундой берсин!
+1
sharolli
2015-12-24 18:16:36
2 клип 2 башка окшош эмес экен
+2
i_am_simple
2015-12-29 00:44:34
sharolli, маанисин айтып жатам,мен актёрду же музыканы айтып жаткан жерим жок,окшоп эле турат,билбейм анан оператор жана режиссер учун гана окшобой эле турат дебесенер
0
Erniet
2015-12-25 03:35:03
окшош дегендерге кошулам Баековдон кийин кыз узатуу ырлары мода болду го Кыздын апасын деле кошсо болмок клипке Анан турмушка чыгып бактылуу болгонун жеткизиш керек эле Бирок жогору сапатта тартылыптыр
+3
nar.nur
2015-12-25 07:11:49
Мага жакты!
+1
aianaaiana
2015-12-25 10:31:32
Эхх супер соз жок,аябай соонун ыр экен,озумчо эле журогум зыркырап ыйлап алдым.
0
aikol87
2015-12-26 18:05:38
Эч кандай окшоштук жок.чыгарма Сонун чыккан мага жакты.
0
fittoniya
2015-12-28 12:49:58
Ата деген атка татыктуу аталар кооооп коооп болсун!!!
+1
medina.
2016-01-03 20:01:19
Эн жакшы сонун,Ар бир атанын тилеги.
+1
AtymKyrgyzcha
2016-01-19 18:27:43
Клип мыкты болуптур.А песня очень трогательная!
0
aztumar
2016-01-28 22:54:10
Эн сонун эмгек!Баардыгы оргиналдуу,Сьездбек азаматсын!Декорация,стилистика абдан жакшы болгон!ким тартса да азамат!Окшош дегендерге ????????????????
0
Nur0701
2016-02-21 13:33:29
Жакшы клип болуптур класс
0
Gulnazza92
2016-02-23 15:02:05
жакшы клип болуптур
+1
damir007
2016-06-29 11:20:13
Окшош клиптер тартылып эле жатат акыркы кезде, жаны идеялар менен чет жактагылардай тартса ээ. Изденглееее(((
0
Latyshka
2016-06-29 11:28:04
Чындыгында клипти көрүп баштап сразу Мирлан Баековдун "Ата Тилеги" ырынын клиби эске келет экен.
0
Luntik
2016-06-29 12:26:08
Клиптен озгочолук байкабадым.Баягы эле окшош сюжеттер. Билишимче ушул ыры менен Сьездбек байке жаны уйлонгондорду тойдо алып кирип журот, жар-жар ырынын ордуна. Бирок такыр жаккан ошонусу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан