Айдана Дека Кыздын сыры

Жүктөлгөн: 15-01-2016
04:00
60.65 Мб
Жанр: Поп
Айдана Дека "Кыздын сыры"
Гүл назик бүчүр жайып жашыл,
Жаз демине ачылат.
Кыз назик сүйүп калса эгер,
Махабатын жашырат.
Кусаланып жалгыз ойго чөмүп,
Кай бир кезде ирмем жаш төгүп,
Кыздын сыры, кыздын сыры
Жүрөктө катылат.

Кайырма:
Ак сүйүүгө арга жок,
Ашыктыгым артылат.
Эх, андай зор күчкө,
Адам өзү тартылат.

Сен күткөнүм байкабадың, жаным,
Арзып сүйгөн жүрөктү.
Ал кездеги жүрөгүмө сүйүү,
Махабатым түнөттүм.
Сагынычым улам-улам артып,
Карегимде ыйык нур балкып,
Сен деп гана, сен деп гана
Жашаган күн өттү.

Кайырма:

"Чын сүйүү барбы?" десе, жаным,
Сени дайым ойлоймун.
Кимде ким сүйгөн болсо дагы,
Бактылуу деп болжоймун.
Адамдагы кыял өтө күлүк,
Сүйүү шамы өңдүү бир үмүт.
Ыйык мага, ыйык мага,
Өчүрбөй коргоймун.

Кайырма:
Комментарийлер (67)
saloma
2016-01-28 14:40:20
Азаматсын Айдана өнөрүң өркүндөй берсин жакшы жана Жаны ырларды клиптерди жарата бер....
+4
AtymKyrgyzcha
2016-01-28 16:29:42
класс
0
nurbaKG
2016-02-04 21:55:04
ушул карындаштан интервью алгылачы супер инфо сураныч
0
Nur0701
2016-02-21 13:31:58
Клип жакшы ырдай албаптыр анча но красавица экен
0
TAYiRbEK_kGZ
2016-03-02 23:07:40
Эн мыкты чыгарма, эн мыкты клип жана эн сулуу кыз аябай соонун болуптур ийгилик! мага номеринизди бербейсизби ?
0
abdymuhtar
2016-03-12 16:26:43
Киминерге кандай экенин билбейм, мен учун ыр, клип кыска соз менен айтканда баары ЗЫНК. Дагы да ийгиликтерди каалайм Айдана
+1
Amankg
2016-04-12 14:34:31
Айланайын Айдана Дека (что означает Дека????) ырдын баркын кетипсин да. Алина Жетигенова соооонун ырдаган. Менде дагы эле клип сакталуу. Кстати Медиапорталдан А.Жетигенованын клипин кочуруп алсанар болот.
+1
REBUS
2016-05-01 23:23:20
Amankg,+1000000000
0
ashuular_plus
2016-12-09 13:53:57
Amankg,
Дека деп фамилиясын кыскартып койгон, Деркембаева да.
0
nelli
2016-05-01 18:45:08
Баары жакшы..... бирок ыр айып болуптур.... Алина эжекенин башынан тонналап муздак суу куйгандай болуптур(((
+2
miss-998
2016-05-14 22:35:00
Клип сонун болуптур бирок анча жеткиликтуу ырдаган эмес
0
aziza.damir
2016-05-16 20:42:28
эмнеге кээ бир мен жазган комментер очуп кеткен?
0
admin_media
2016-05-17 10:44:11
aziza.damir,
Саламатсызбы! Сиз билдирүүнү ырдын аудиосуна жазгансыз, шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/159141/
Билдирүүңүз өчүрүлүп же түзөтүлсө себеби жазылат.
0
miss-998
2016-05-25 23:29:01
Коро албагандар ар нерсени жаза беришет да, аябай таланттуу сулуу айымсыз сизге чыгармачылык ийгилик каалайм, бироого асылгандан башка ишинер жокпу, озунор ушул Айданачалык да ырдай албайсынар, клипке ырга келсек баары сонун клиптеги бала озунун байкеси беле? 5++++++
+1
ashuular_plus
2016-12-09 13:54:59
miss-998,
Таекесинин баласы.
0
anya
2016-05-27 13:52:15
Ушул жаны ырчылардан жаны ыр, жаны сюжет кутом, тилеке каршы андай болбой калат .
0
aikera1992
2016-06-13 17:14:36
Дагы баягы сюжет. Бир нерсени кулатып алат анан тиктешет,таанышат.... Башка идея жокпу?
+1
bilimai01
2016-07-21 18:08:26
Айдана эже клип и песня супер.Нет слов.Ийгилик сизге даны коптогон чыгармаларды жарата берин.Только вперёд
+1
ady-88
2018-05-08 16:37:36
Легендарлуу ырды олтуруптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан