Автандил Жагамбы?

Жүктөлгөн: 22-01-2016
03:38
50.25 Мб
Жанр: Поп
Автандил "Жагамбы?"
Жылмайып күлсөң жарашкан,
Жан биргем, мени карасаң.
Жагамбы сага, жагамбы,
Жактырып койчу жанашсам.

Көңүлүм бурдуң көйкөлүп,
Көздөрүм сени саматкан,
Көңүлдү тартып өзүңө,
Көйгөйүм болбо, садагам.

Кайырма:
Арбалдым сага,
Сага деген сезимим таза,
Азапка салба,
Эки жүрөк табышса гана.

Башкалар мендей барктабайт,
Баркыңды билбейт, баалабайт.
Бактылуу кылар мен болом,
Байыр алып мага жандасаң.
Алдабайм сени, алдабайм,
Ак сүйүүм арнайм, каражан,
Апакай сүйүү, таптаза,
Ак сүйүүң мага арнасаң.

Кайырма:
Жарыгым, арбалдым сага,
Сага деген сезимим таза.
Азапка салба,
Эки жүрөк табышса гана.
Комментарийлер (35)
Ilays
2016-01-25 11:40:19
Супер! Негизи ырлары аябай жакшы. Дагы да ийгилик!
+1
asia_92
2016-01-25 22:33:37
Идеясы абдан жакшы экен!!!Озу бул ырчы жакшы чыгармаларды аткарат.
0
Jazim93
2016-01-26 00:15:00
Аз жана саз ырларды ырдап ..оргиналдуу клип тартат...Дагы коп коп жаны чыгармаларды кутом....Ырларынын баары жагат...Кийинуу стилида озуно жарашат.
0
Woman.
2016-01-26 10:06:19
Сонун.
0
Aksy-13
2016-01-27 14:56:08
Автандилдин чукодон жасалган кийимин кутуп атсам ушул костюмдагы 4 эле чукобу???
0
islamchik
2016-01-27 17:31:38
Админ сураныч ушул ырдын Mp3син жуктоп коюнуздарчы сураныч)))
0
admin_media
2016-01-27 17:47:31
islamchik,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/119693/
0
Bermet_Kasymova
2016-01-27 20:09:24
Жок ай жакпайсыз)))). Тамаша. Клиби эле оригиналдуу. Ыры уйкуну келтирет, бирок уктаардын алдында да угууна мумкун эмес...
0
Amantur.lark.ru
2016-01-28 00:31:03
Ең сонун тартылыптыр
0
kinaza
2016-01-28 12:43:18
Оригиналдуу
0
kinaza
2016-01-28 12:55:30
Ар дайым берилүү менен угам ырларын, клиптери да жакшы деңгээлде тартылат. Кийинүү стили, чачы, манерасы баары жагат,ушул калыбынардан жазбай көпчүлүктүн сүймөнчүгү болуп жүрө бергиле. Ийгилик!
0
musapyr
2016-02-25 10:26:07
ЭК....ээээээ...... ырчы-пырчы быжырап. Бул ГРАСАВЧЕГди тааныбайт экенмин. Не бале ыр!
0
beintehaa.
2016-04-26 10:27:03
Орининальный клип болуптур
0
beintehaa.
2016-04-26 10:27:52
Оригинальный клип болуптур. ЖАКШЫ
0
Alias
2016-05-25 13:42:46
Салам. Мен бул жигиттин комуз менен жандуу ырдаганын угуп "эн жакшы" деген баа бердим. Жандуу сонун ырдайт экен. БАРАКЕЛДЕ. АЛГА АВТАНДИЛ.
0
Alina.lina
2017-08-20 16:02:55
Мага аябай жагат автандил байке ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан