Ильяз Андаш, Куралбек Чокоев Сейдакматтын ыры

Жүктөлгөн: 25-01-2016
03:02
57.69 Мб
Жанр: Поп
Ильяз Андаш , Куралбек Чокоев "Сейдакматтын ыры"
Обону : Мукан Рыскулбековдуку
Адыр-адыр тоолордон,
Айгыр минип түшөбүз.
А, дүйнөдө не кызык,
Ачуу айран ичебиз,
Аа-аа агайың, ачуу айран ичебиз.
Ачуу кефир ичебиз.

Ар тарапты аралап,
Кең жайлоого барабыз.
Кымыздарын аяшса,
Чийки суудан ичебиз,
Арыктан суу ичебиз ,
Аа-аа агайың, арыктан суу ичебиз
Чийки суудан ичебиз.

Алты саның аманда,
Ырда бийле карманба.
Шаң болбосо өмүрдө,
Куруп кетсин замана
Аа-аа агайың, куруп кетсин замана.
Алты саның аманда,
Ырда бийле карманба.
Комментарийлер (50)
Aza.08.03.05
2016-01-29 21:07:29
Маанисине тушунсом оллойун кайра кайра укттум тушунойун деп . Чыгарсанар копко жашай турган ыр чыгаргылачы отко окшоп бир жал этип куйуп кайра очуп кала тургандай кылбай деп айтып койот экен даа
-7
KARAKOLDUK
2016-01-29 21:37:51
урматуулар айтылып жатканда бул ыр Ч.Айтматовтун Ак кеме кино тасмасындагы Сейдахматтын ыры экен!!! менимче Ч.Айтматов туура эмес ырларды тандабайт болчу демек ыр оорундуу эле анан ыр Мукан Рыскулбековдуку ошондо сиздер Мукан агайыбыздын чыгарган ырды эптеп септеп деп жатсагыздар!!! плагиат дегендер Чынгыз Айтматовду жана Мукан рыскулбековду тааныбаган адамдар!!! уят достор!!!
+7
Мэри
2016-01-29 21:47:28
Бул ыр эски эле ыр, Мукан Рыскулбеков деген таанымал, белгилүү обончунуку ("Ай чыкканда балбылдап, айды көрсөм сени көрүп, тиктей берем жалжылдап..." деген ырдын автору). Демек, бул ыр СССР маалында эле чыккан, а анда Көркөм кеңеш деген бар болгон да. Эгер Көркөм кеңеш бул ырды өткөргөн болсо, анда жаман ыр эмес (анткени алар анча-мынча ырды өткөрмөк эмес). Тамашалуу ыр, болгону булар текстин бир аз өзгөртүшүптүр, "кефир" деп.
+8
Мэри
2016-01-29 21:58:57
Азыркылар эптеп-септеп чыгарышы мүмкүн, а мурун көзөмөл, талап катуу болчу, өзүм билемдик деген жокко эсе болчу да.
Бул ырчылар ырга өтө эле жеңил-желпидей маанай жаратып коюшуптур, клип да ошондой болуп калган.
0
Farm94
2016-01-30 15:40:10
Келин келгенскийге караганда бир топ эле жакшыго
+4
nurkasym-2014
2016-01-31 09:24:37
Колунардан келсе ушундай клип,ыр ырдабайсынарбы.Сонун эле болуп турат.Алга жигиттер,алга.
+5
gulkar
2016-01-31 13:21:17
Позитивдуу сонун ыр!
+4
Kunbeken
2016-01-31 14:12:14
Курал Чокоев жасалмасы жок сонун ырдаптыр. Сонун чыгыптыр клип 100% жакты коруп кулуп жыргап алдым)))
+3
Izdeim_seni.
2016-02-01 14:15:17
Ушундай клипти бир жерден коргондой болуп жатам. Курал да,берки ырчы да такыр жаккан жок. 40ты карап калышты жаштары,анан таксандап секиргени оон учурайт. Куралдын шляпасына соз жок эми.
-2
maksat.abdukaharov
2016-02-01 14:50:09
Эн жакшы, соонун бийлешиптир
+2
admin_media
2016-02-02 10:44:55
Chynchyl,
Жеке билдирүүлөр үчүн купуя кат бар! Талкуудан алыстабаңыз!
0
mekajan89
2016-03-13 20:22:08
Айран ичем деген ырын киргизип койгулачы
+1
admin_media
2016-03-14 10:23:27
mekajan89,
Саламатсызбы! Сиз сурап жаткан ыр ушул, аудиосун угуш үчүн шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/media/audio/155667/
0
Jadyrashka
2016-03-21 13:34:39
"Ак кемеден" 2 сабын угуп алып эле кайталай берчүүм жакшы ыр мага жагат.
+1
RaHat19
2016-05-18 20:20:52
Сейдакматтын ыры супер!
+1
kutmanov
2016-08-22 21:34:16
Ырдын текстин да чыгарып койсоноры
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан