Туулган жерим, ыйыгымсың бабам баскан,
Бары-жогун бирдей көрүп, бирдей баккан.
Шамалыңа көкүл сылап эркелетсең,
Ызгаарда ороп-чулгап коюн каткан.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
Жаралгандан жанып турган жарыгымсың,
Аталардан калган өзөк, тамырымсың.
Кубат кетип, алдан тайып турганымда,
Күлазык болуп берчү азыгымсың.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
Сырын сактап, сының сактап, өмүр улап,
Жылдар эмес, кылым өтөр убап-чубап.
Сурай албай калсам дагы абалыңды,
Сен турарсың урпактардан абал сурап.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
Комментарийлер (4)
tuigan.
2016-08-15 19:48:04
Сонун ырдашыптыр
+2
altyn2015
2016-08-16 14:38:32
Жакшы!
+2
rustam-jan
2016-08-16 19:21:46
Биздин тоготой айылы гоо
0
jakuta
2016-10-25 19:32:48
Эн сонун клип! Тоготой айылыбызго! Сагындыыыыык!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.