Юлия Руцкая Кызыл гүл, менмин кызыл гүл

Жүктөлгөн: 02-08-2010
03:34
55.27 Мб
Жанр: Поп
Юлия Руцкая "Кызыл гүл, менмин кызыл гүл"
Сөзү : Токтогул Имаш уулунуку
Обону : Токтогул Имаш уулунуку
Уланып ойноп жашынмак,
Убакыт учту закымдап.
Өзүңө жүрдүм берилип,
Өзгөчө сүйүүм калыңдап.
Ак тилек ойду бекиттик,
Ак сүйүү оту жалындап.

Ак таңдай болуп нурданып,
Ак гүлдөй болуп ыргалып.
Канчалык катуу айтсаң да,
Каршы сөз айтпай жылмайып.
Жүрөгүм сен деп какчу эле,
Жүзүңдү бурдуң, кимде айып?

Окшошпой күндөр бирине,
Ой басып жүрдүм күнүгө.
Убайга салдың, кантейин,
Уу кошуп тунук сүйүүмө.
Көңүлүң болуп башкада,
Гүл коштуң сүйүү гүлүнө,
Таш коштуң сүйүү гүлүнө.

Кызыл гүл менмин, кызыл гүл,
Кылчайбайм эми өзүң бил.
Ачылган сендик гүл элем,
Агарбай калды эми дил.

Табигат берди жардамын,
Таңшы деп талбай, кызыл гүл,
Кыйнадың, кантем, өзүң бил.
Кызыл гүл менмин, кызыл гүл.
Комментарийлер (34)
Merischka
2010-08-24 01:44:23
Abdan sonun yr. kee bir chojulup zhasalma yrdagan kyrgyz yrchylarynan 10 ese ojdo yrdaptyr . Bravo Julia
+3
Чагылган
2010-08-25 12:29:39
ыры менен клиби дал келбейт го.Клипте жактырган жигити башканы сүйөт экен.Мен кызыл гүлмүн, мени кара деп жатабы?Айтор ыры менен клибин такыр байланыштыра албадым.
0
Барс
2010-08-29 19:03:37
Клип жакшы!Албетте, текстте каталар бар... Жогорудагы aziattita айтмакчы чын эле өзбекче тантырабай, өзбекче тантырагандарга күлүп атып, өзүбүз орусча тантырабай, таза кыргызча сүйлөсөк, ырдасак, анан башка улуттун өкүлдөрүн да ошентип сүйлөтсөк, ырдатсак, туура сабаттуу жазсак сонун болот эле!!!
+1
aijanasan
2010-08-30 15:30:36
А мне не понравилось!
-1
Bais
2010-09-06 10:41:21
Бир орус кыргызча ырдап койсо эле тан калабыз.
0
jakwinakay
2010-09-07 14:45:14
Bais . Мен сенин создоруно кошулам 100%
-1
asylaida
2010-09-11 18:01:12
klip super y pesnia! kajdyi raz slushayu naslajdaiys :))))
+2
jaina
2010-09-15 11:15:42
Аны ырчы катары алганда, үнү аябай жай чыгат.Клиби ортодон төмөн десем болот, эч кандай өзгөчөлүк көрө алган жокмун.
-1
Konok
2010-09-17 17:15:12
Юлия баракелде унун жакшы экен,ыр жакшы, музыкасы дагы клиптеги ошол режиссердун ордуна мени суйуп калсан гана кызыл гул болуп.
+3
kyrs
2010-09-21 00:55:59
Ыр анча эмес Клип жакты. Алекс орус болуп коптогон кыргыз ырчыларына караганда жакшы ырдайтко. Бир орус кыздын кыргызча ырдаганын коруп алып эмне эле болуп жатасынар подход кылып биз да орусча ырларды эзип эле атпайбызбы.
0
Асылжан
2010-09-22 19:50:05
Койчу ай, мага клип такыр жаккан жок! Изденүү жок да, изденүү.
0
BaatyrEl
2010-09-28 04:37:39
Супер инфо, жардам берип койгулачы, мен жакында эле катталдым, анан "добуш беруу укугунан ажыратылган" деп чыгат кайра кайра эле. Эмнеге??? сиздерден жооп кутом, рахмат
0
Nelya
2010-10-20 14:45:40
aziattita men saga koshulam,emi ozbek "tuugandardi" dagi kirgizcha suylotush kerek.Kirgizstanda jashagandin baari kirgizcha suylogondu bilish kerek.Oz mekenibizde jashap turup myam,lyam desek anda biz jindi bolbogondo kim jindi bolmok ele.
0
gulira93
2011-03-26 19:05:36
Kushtar TaTa ulan desen kairadan korbodumbu klipti .Jakshy yrdaptyr kyz jaktyrgan balanyn kozdoru adamdy ozuno tartyp turat eken ollo.
0
mara12
2012-01-16 23:28:20
soonun yr eken ))
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан